«Кумтɵр Голд Компани» айлана-чɵйрɵнү коргоо жана туруктуу ɵнүктүрүү боюнча жылдык отчетун чыгарды

«Кумтɵр Голд Компани» айлана-чɵйрɵнү коргоо жана туруктуу ɵнүктүрүү боюнча жылдык отчетун чыгарды

Жарыяланган: 19 August 2015

«Кумтɵр Голд Компани» 2014-жылдын айлана-чɵйрɵнү коргоо жана туруктуу ɵнүктүрүү боюнча отчетун чыгарды.Отчет мамлекеттик органдарга, ɵкмɵттүк эмес секторго жана коомчулукка «Кумтɵр» кен ишканасындагы экологиялык кырдаал жана компания айлана-чɵйрɵнү коргоо боюнча аткарган чаралар жɵнүндɵ маалымдоо үчүн жарыяланууда. Бул отчетту жарыялоо компаниянын ыктыярдуу демилгеси жана ал маалыматтык ачыктыкты жогорулатууга жана бардык кызыкдар тараптар менен конструктивдүү диалогдо болууга багытталган.

Бул отчет Отчеттуулуктун глобалдык демилгесинин (GRI – Global Reporting Initiative) Үчүнчү муундагы туруктуу ɵнүктүрүү тармагындагы отчеттуулук боюнча нускамасына жана Тоо-кен металлургиялык сектор үчүн тиркемесине ылайык форматта түзүлгɵн. Бул «Кумтɵр» компаниясынын Жаратылышты коргоо иш чаралары планында камтылган негизги талаптарга дал келүүнү камсыз кылууда кошумча чара. Отчеттун маселелерин камтуу чɵйрɵсүн, мазмунун жана чагылдыруу чектерин аныктоодо компания жана кызыкдар тараптар аныктаган олуттуу учурлар эске алынды.

«Компания биздин ар жылдык отчеттуулук системабызды жана компаниянын курчап турган чɵйрɵнү коргоо жана социалдык ɵнүктүрүү тармагындагы ишмердүүлүгүн башкаруу жана ɵркүндɵтүү боюнча стратегияларыбызды андан ары жакшыртуу үчүн конструктивдүү комментарийлерди жана сунуштарды кубаттайт» – деп белгиледи тобокелчиликтерди башкаруу жана туруктуу ɵнүктүрүү боюнча вице-президент Родни Ступарек.

Чыгарылган отчет Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарына, жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу органдарына жана китепканаларына жɵнɵтүлдү.
«Кумтɵр Голд Компанинин» 2014-жылга курчап турган чɵйрɵнү коргоо боюнча жылдык отчету бардык кызыкдар тараптар үчүн тɵмɵнкү шилтеме боюнча орус жана англис тилдеринде жеткиликтүү. Кыргыз тилинде кошумча жарыяланмакчы.