«Кумтөр» компаниясы Каракол зоопаркына жардам көрсөттү

«Кумтөр» компаниясы Каракол зоопаркына жардам көрсөттү

Жарыяланган: 16 April 2014

«Кумтөр» компаниясы Каракол зоопаркына 2014-жылга демөөрчүлүк колдоо түрүндө 75 миӊ АКШ долларын которду. Ал каражатка зоопарктын жетекчилиги анын территориясын курчоону пландаштырууда жана курулуш материалдарын сатып алууга киришти.

«Биз «Кумтөр» компаниясынын жардамы үчүн өтө ыраазыбыз. Биздин зоопарк жаӊы курчоо курууга абдан муктаж. Территориянын бир бөлүгү курчалган эски плиталар талкаланууда. Экинчи бөлүгү таптакыр ачык жана адамдар таштандыларды төгүшүүдө. Курчоонун жоктугу шаардыктар үчүн да, биздин жаныбарлар үчүн да кооптуу», – деп белгиледи Каракол зоопаркынын директору Салтанат Сеитова.

Андан тышкары, алтын өндүрүүчү компаниянын жардамынан улам персонал жумушчу кийимдер менен камсыздалды, экологиялык билим берүү боюнча адис чакырылды, тоюттарды сактоо үчүн контейнерлер алынды, дан майдалагычка, чөп туурагычка жана бетон аралаштыргычка заказ берилди. Каражаттын бир бөлүгү эмгек акыга, социалдык төлөмдөргө жана зоопарктын башка операциялык чыгымдарына тиешелүү проблемаларды чечкенге багытталды.

«Кумтөр» компаниясы курчап турган чөйрөнү коргоо маселелерине дайыма зор көӊүл бөлүп келген жана көӊүл бөлө бермекчи. Бизге Каракол зоопаркынан эски досторубуз кайрылышканда, жардам бергенге шашылдык. Атүгүл, ишканабыздын көптөгөн кызматкерлери Караколдо жашашат, жана мен алар бул жаӊылыкты укканда кубаныша тургандыгына ишенем», – деп билдирди «Кумтөр» компаниясынын президенти Майкл Фишер.

Маалымат үчүн:
Каракол зоопаркы 1987-жылы негизделген жана Кыргызстанда жалгыз болуп эсептелет. Анда жаныбарлардын 30дан ашуун түрүнөн 140ка жакын даанасы бар. Анын ичинде – күрөӊ аюу, карышкыр, Пржевальск жылкысы, тоо теке, жапайы чочко, мадыл, түлкү, япон макакасы жана башкалар. Зоопарктын жалпы аянты – 7,8 га, анын ичинен 3 га гана өздөштүрүлгөн. Зоопарк билет сатуудан азыраак киреше алат, бирок ал эмгек акы, салыктарды жана утурумдук чыгымдарды төлөө үчүн жетишсиз. Азыркы учурда жаныбарларды тамактандырууга КРнын Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги жардам берүүдө, Германиядан NABU уюму КРнын Кызыл китебине киргизилген жаныбарларды кармоого колдоо көрсөтүүдө.