ФОТОРЕПОРТАЖ — ЖОГОРКУ КЕҢЕШТИН ДЕПУТАТТАРЫ ТОКМОКТОГУ ДӨҢГӨЛӨКТӨРДҮ КАЛЫБЫНА КЕЛТИРҮҮ ЖАНА КАЙРА ИШТЕТҮҮЧҮ ЗАВОДДО БОЛУШТУ

ФОТОРЕПОРТАЖ — ЖОГОРКУ КЕҢЕШТИН ДЕПУТАТТАРЫ ТОКМОКТОГУ ДӨҢГӨЛӨКТӨРДҮ КАЛЫБЫНА КЕЛТИРҮҮ ЖАНА КАЙРА ИШТЕТҮҮЧҮ ЗАВОДДО БОЛУШТУ

Жарыяланган: 12 March 2024

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекси, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин мүчөлөрү кезектеги көчмө жыйынын Чүй облусунун Токмок шаарындагы дөңгөлөктөрдү калыбына келтирүү жана кайра иштетүүчү заводдо өткөрүштү. Ошондой эле көчмө жыйынга Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин, Экономика жана коммерция министринин орун басарлары дагы катышты.

«Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун президенти Алмазбек Барыктабасов 2023-жылдын август айында ачылган завод учурда тесттик режимде иштеп жатканын билдирди. «Заводду ишке берүү менен «Кумтөр Голд Компани» өлкөбүздүн экологиясын сактоого өз салымын кошууда. Көп жылдар бою Кумтөр кенинде иштеген чоң жана атайын техниканын эски дөңгөлөктөрү эч кандай утилизацияланган эмес. Алар жөн гана чогула берген. Эми мындан ары колдонууга жараксыз дөңгөлөктөрдү кайра иштетип, аларды рынокто суроо-талапка ээ болгон продукцияга айлантуу мүмкүнчүлүгүбүз бар», – деп баса белгиледи ал.

Көчмө жыйындын жүрүшүндө эл өкүлдөрү заводдун иши жана продукциялары менен тааныша алышты. Комитет мүчөлөрү заводттогу жасылып жаткан иштерге  ыраазы болуп Кумтөр ушул сыяктуу жаны ишканаларда ачса, кошумча жумуш орундарын түзүп өлкөбүздүн экономискасына дагы да көбүрөөк салымын кошо берсе деген каалоо-тилектерин билдиришти.

Маалымат үчүн: Токмок шаарындагы завод толук өндүрүштүк кубаттуулукка чыккандан кийинки өндүрүмдүүлүгү саатына 2 тоннага чейин жетет. Жылына 2000ге чейин чоң жана 8000ге чейин орто дөңгөлөктөрдү кайра иштетүүгө ылайыкталган.

Завод эки цехтен турат. Азыркы учурда сыноо режиминде иштеп жаткан биринчи цехте унаа дөңгөлөктөрүнөн резина күкүмдөрү жана жогорку легирленген болот алынат. Цехтин продукциясы жасалма футбол жана балдардын оюн аянтчалары үчүн резина төшөлмөлөрдү даярдоого, унаа килемдерин жасоого пайдаланылат.

Чоң унаалардын дөңгөлөктөрүн калыбына келтире турган экинчи цехте учурда жабдууларды орнотуу жана ишке киргизүүгө даярдык жумуштары жүрүүдө.