Жарыяланган: 17 November 2026
КОНКУРСТУК АРЫЗДАРДЫ ТАПШЫРУУ МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 26-ноябры, саат 12:00 чейин (Бишкек убактысы боюнча).
«Кумтөр Голд Компани» ЖАК Сиздерди жасалгалоо жана курулуш материалдарын (эшиктер, терезелер, асма шып, панелдер, поликарбонат) жеткирүү боюнча баа сунуштарын сурап алуу жолу менен өткөрүлүүчү жеткирүүчүлөрдү тандоо процессине катышууга чакырат.
Сунуштарды берүү форматы:
Баалык сунуш (мындан ары – БС) PDF форматында берилүүгө жана келишим боюнча милдеттенмелерге кол коюуга ыйгарым укуктуу адам тарабынан кол коюлууга тийиш.
Сунуштарды берүү тартиби
Тандоого катышуучулар төмөнкүлөрдү аткарууга тийиш:
1) Квалификациядан жана аккредитациядан өтүү.
Документтерге шилтеме: www.kumtor.kg/ru/informacziya-dlya-postavshhikov
2) Баалык сунушту кыргыз же орус тилинде даярдап, электрондук түрдө [email protected] дарегине 2026-жылдын 26-ноябрында саат 12:00гө чейин (Бишкек убактысы боюнча) жөнөтүү.
Тандоого катышуу үчүн берилүүчү коммерциялык сунуш төмөнкү документтерди камтууга тийиш:
Валюта
Жеткирүү орду
DDP, «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын кампасы:
Коммерциялык сунуштарды баалоо критерийлери
Сүрөттөмөгө толук жооп берген жана эң төмөнкү бааны сунуштаган катышуучу жеңүүчү болуп табылат.
Тема сабында «Сурам (М3767602, М3767685, R29460) жасалгалоо жана курулуш материалдары (эшиктер, терезелер, асма шып, панелдер, поликарбонат)» деп көрсөтүлгөн сунуштар 2026-жылдын 26-ноябрында саат 12:00гө чейин (Бишкек убактысы боюнча) [email protected] электрондук дарегине жөнөтүлүшү керек.
Буйрутмачы кайсы болбосун же бардык сунуштарды кабыл алууга же четке кагууга, ошондой эле келишим ыйгарылганга чейин каалаган убакта тандоо процессин токтотууга укуктуу жана бул үчүн сунуш берген катышуучулардын алдында эч кандай милдеттенме тартпайт.
Баалык сунуш ишкананын расмий бланкында даярдалып, кол жана мөөр менен күбөлөндүрүлүүгө тийиш.
Белгиленген мөөнөттөн кеч берилген баалык сунуштар кабыл алынбайт жана каралбайт.
Сунуш берүү менен катышуучу талаптарда көрсөтүлгөн бардык шарттарга макул экендигин ырастайт.
Ар бир катышуучу бир гана баалык сунуш бере алат.
Баалык сунуштун жарактуу мөөнөтү кеминде 30 календардык күн болушу керек.
Сунуштарды кабыл алуу мөөнөтү аяктаганга чейин берилген баалык сунуштарга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жол берилбейт.
Ушул тандоо боюнча бардык суроолор төмөнкү электрондук дарекке жөнөтүлүшү керек: [email protected]
Тандоонун шарттарына түшүндүрмө алуу боюнча суроо-талаптар сунуштарды берүү мөөнөтү аяктаганга чейин кеминде 3 календардык күн мурда жөнөтүлүшү керек.