Ушул жылдын башынан бери төрт айдын ичинде Кумтөр Кыргызстандын бюджетине рекорддук сумманы төлөдү

Ушул жылдын башынан бери төрт айдын ичинде Кумтөр Кыргызстандын бюджетине рекорддук сумманы төлөдү

Жарыяланган: 03 June 2022

Январдан апрелге чейин мамлекеттик бюджетке жалпысынан 11 миллиард 389,9 миллион сом которулган.

Анын ичинен 3 миллиард 604,3 миллион сому дүң киреше салыгы болгон, өткөн жылдын ушул эле мезгилинде бул сумма 1 миллиард 928,1 миллион сомду түзгөн болчу. Ошентип, өсүш 186% түздү.

Ушул жылдын январь-апрель айларында Кыргызстандын минералдык-сырьелук базасын өнүктүрүүгө багытталган сумма 7 миллиард 785,9 миллион сомду түзгөн.

Ал эми 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча Кумтөр 8 миллиард 30,3 миллион сом дүң киреше салык катары төлөгөн болчу.

Кыргызстандын минералдык-сырьелук базасын өнүктүрүүгө бир жылдык салык, түшкөн каражаттын 4% болгонун эске салсак. 2021-жылы, «Кумтөр» кенинин тарыхында биринчи жолу, анын жаңы жетекчилиги түшкөн каражаттан пландалган бюджеттик салыктардан тышкары үстөк 32,9 миллион долларды же болжол менен 2 миллиард сомду бул кошумча салыкты төлөөгө которгон.

Минералдык-сырьелук база деген эмне

Минералдык-сырьелук база — геологиялык чалгындоо иштеринин натыйжасында жер ичинде аныкталган минералдык сырье ресурстары.

Өткөн он жылдыкта Кыргызстанда геологдордун эмгеги менен ар кандай деңгээлде изилденген жана иштетилип жаткан алтындын, калайдын, вольфрамдын, сурьманын, сымаптын, сейрек кездешүүчү элементтердин кен жайлары, кен эмес сырьенун ар кандай түрлөрүнүн, жер астындагы тузсуз жана термалдык-минералдык суу байлыктары аныкталган.

Минералдык сырьенун изилденген запастары алтын өндүрүш, көмүр өндүрүш, түстүү металлургия, сейрек кездешүүчү өндүрүш, курулуш өнөр жай тармагында кен казып алуучу жана кайра иштетүүчү ишканалардын ишин камсыздады.

Мамлекеттик саясаттын шексиз приоритеттеринин бири бул Кумтөрдөн тышкары табигый сырьену казып алуу жана кайра иштетүү менен алектенген жогорку технологиялуу ишканаларды түзүү, ошондой эле мыкты өнөр жай секторун калыптандыруу.

Өткөн жылдын аягынан бери, Кумтөрдүн түшкөн каражатынан 4% пайызы, тоо-кен жана кайра иштетүү ишканаларынын жаңы экономикалык шарттарда иштешин камсыздоо, ошондой эле жаңы кендерди чалгындоо, геологиялык чалгындоо уюмдарын техника-технологиялар жана кадрлар менен камсыздоо боюнча чаралар топтомун иштеп чыгуу үчүн бюджетке которулат.