Кумтөр Ысык-Көл областынын жаш ишкерлерин колдоодо

Кумтөр Ысык-Көл областынын жаш ишкерлерин колдоодо

Жарыяланган: 02 August 2018

«Кумтөр Голд Компанинин» жана «FSDS» (Туруктуу өнүктүрүү үчүн чечимдер) КФнын биргелешкен долбоорунун алкагында 10 бизнес долбоор колдоого алынды. «Ысык-Көл областынын айыл жаштары үчүн экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү» долбоору элет жаштарынын жашоо шарттарын жакшыртууга багытталган жана модернизациялоо же зарыл жабдуу сатып алуу, инфраструктураны жакшыртуу жана консультациялык жардам түрүндө жаш ишкерлерди колдоону карайт.

Долбоор Ысык-Көл областынын Тоң районунун Күн-Чыгыш жана Тоң айылдарын, ошондой эле Жети-Өгүз районунун Барскоон, Тосор жана Дархан айылдарын камтыйт.

Учурдагы жетишкендиктер:

  • 59 жаш адам (20%ы жаш аялдар) бизнес пландоо боюнча билимин жакшыртты.
  • 27 бизнес долбоор атайы түзүлгөн көз карандысыз гранттык комиссиянын кароосуна берилди.
  • 10 бизнес долбоор (жаш аялдар жүзөгө ашыруучу 3 долбоорду кошо алганда) көз карандысыз гранттык комиссия тандоосунан өтүп, долбоор тарабынан 17,546 АКШ доллары суммага каржыланмакчы.
  • Жети-Өгүз районунда 1 500дөй адамдын: КР Өкмөтүнүн, КР Парламентинин, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн, жергиликтүү фермерлердин жана жаш лидерлердин, КРдан жана Тажикстандан, Казакстандан, Түштүк Кореядан ишкерлердин жана башка стейкхолдерлердин катышуусу менен жергиликтүү экономикалык өнүктүрүүнү колдоо жана агро- жана экотуризмди өркүндөтүү максатында 2 ири масштабдуу иш чара – Oruk-Fest (2018-ж. 28-июлу) жана «Алтын-Кум» фестивалы (2018-ж. 29-июлу) уюштурулду.

Долбоордун алкагында колдоого алынган бизнес идеялардын мисалдары:

«Даркан пласт»

«Даркан-пласт» инвестициялык долбоору Ысык-Көл областынын Жети-Өгүз районунун Дархан айылында пластик терезе-эшиктерди өндүрүүчү менчик ишкана түзүү максатында демилгеленген. Ишкана Дархан, Ак-Терек, Жеңиш, Жаргылчак, Барскоон, Тамга жана Тосор айылдарынын жашоочулары үчүн түркиялык материалдан сапаттуу терезелерди жана эшиктерди чыгарат.

Бизнестин негизги өзгөчөлүгү болуп даяр продукцияга жеткиликтүү баалар саналат.

«Айылыбызда мындай ишкана болгон эмес. Ошондуктан ремонт жасагысы келгендер Сарууга же Кызыл-Сууга барышчу. Жолго кошумча каражат жана убакыт кетчү», – деди бизнес идеянын автору Жыргалбек уулу Айбек.

Өздүк салым – 100 000 сом.

Гранттын суммасы – 116 000 сом.

«Сезим» сулуулук салону

Тоң району 30 айылдан турат жана анда жалпысынан 45 000 адам жашайт. «Сезим» сулуулук салону Тоң районунун жашоочулары үчүн сымбаттоочу кызматтардын кеңири түрлөрүн көрсөтөт. Демилгенин башкы максаты болуп райондо чач-тарач кызматын жакшыртуу жана жашоочуларга маникүр, педикүр, кирпик өстүрүү сыяктуу жаңы кызматтарды берүү. Учурда салондо төрт кызматкер иштөөдө.

«Сулуулук салон жылына орточо 15 000 адамды тейлейт, алардын көпчүлүгү туруктуу кардарларыбыз экенин белгилеп коюу керек. Кызматка баа 50дөн 150 сомго чейин. Азыр биз дагы 4 жаңы кызматкер алабыз жана дагы 10 000 кардарды тейлөө мүмкүнчүлүгү пайда болот», – деди сулуулук салонунун ээси Жеңишбекова Каныкей.

Өздүк салым – 21 800 сом.

Гранттын суммасы – 138 000 сом.

Тигүүчү өнөркана

Бөкөнбаев айылындагы тигүүчү цех үчүнчү жыл иштеп жатат. Ишкананын башкы максаты – айылдын жаш аялдарын иш менен камсыздоо. Азыркы учурда цехте беш адам эмгектенип, күнүнө 170тен ашуун комплект кийим чыгарылууда. Кийим сапаттуу материалдардан тигилет жана керектөөчүлөр арасында жогору бааланууда, чет жакка да экспорттолууда.

«Суроо-талаптын көптүгүнөн улам адамдар жана тигүү машиналары жетишпейт, ошондуктан долбоордун алкагында дагы бир нече аялды иш менен камсыздоо үчүн жабдуу сурадык», – деп бизнес долбоордун автору Бектурганова Нургүл билдирди.

Өздүк салым – 184 000 сом.

Гранттын суммасы – 125 000 сом.