Cуу проблемасы чечилди!

Cуу проблемасы чечилди!

Жарыяланган: 28 May 2013

Water problem solved!
“Кумтөр” компаниясы Ысык-Көл областынын Тоң районундагы Тоң жана Көк-Сай айылдарына күн батарейкаларын орнотту, аны менен 1 000ден ашуун жергиликтүү жашоочулар үчүн ичүүчү сууга туруктуу жеткиликтүүлүгү камсыз кылынды. Фотоэлектр панелдеринде күн энергиясы электр энергиясына кайра түзүлөт жана жер астындагы скважиналардан айылдарга суу берүүчү насостордун ишин камсыз кылат. Эгерде мурда айылдыктар сууну суткасына бир сааттан алышса, эми жабдуунун жардамы менен суу күнү-түнү берилет. Жогорку натыйжалуу күн батареялары күн ачыкта да, күн бүркөктө да иштешет. Алар энергияны топтоого жана суу менен жабдууну түнкүсүн да колдоп турууга жөндөмдүү.

Күн насосу дээрлик тейлөөнү талап кылбайт жана 20 жыл иштөөгө эсептелген. Жалпысынан “Кумтөр” компаниясы Тоң айылынын Мыс өрөөнүндө 8 панелдүү күн батареясын орнотууга 529 миң сом жана Көк-Сай айылы үчүн 16 панелдүү батареяга 857 миң бөлдү. Алдынкы технологияларга инвестициялар айылдыктардын жашоо сапатын гана жакшыртпастан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттерине электр энергиясына акы төлөөдө олуттуу каражаттарды үнөмдөөгө да мүмкүнчүлүк берет.