“КУМТӨР ГОЛД КОМПАНИ” ЖАК ТӨМӨНКҮ ӨНДҮРҮШ КАЛДЫКТАРЫН КАЙРА ИШТЕТҮҮ БОЮНЧА КОММЕРЦИЯЛЫК СУНУШТАРДЫ КАБЫЛ АЛГАНДЫГЫН ЖАРЫЯЛАЙТ

“КУМТӨР ГОЛД КОМПАНИ” ЖАК ТӨМӨНКҮ ӨНДҮРҮШ КАЛДЫКТАРЫН КАЙРА ИШТЕТҮҮ БОЮНЧА КОММЕРЦИЯЛЫК СУНУШТАРДЫ КАБЫЛ АЛГАНДЫГЫН ЖАРЫЯЛАЙТ

Жарыяланган: 21 July 2021

Кабыл алуу жабык

“Кумтөр Голд Компани” ЖАК (КГК) төмөнкү өндүрүш калдыктарын кайра иштетүү боюнча коммерциялык сунуштарды кабыл алгандыгын жарыялайт:

  • Аккумуляторлор
  • Түстүү металл сыныктары
  • Резина буюмдары жана гидравликалык шлангдар, майланган чүпүрөктөр, күйүүчү май жана май чыпкалары, аэрозоль идиштери
  • Полиэтилен жана пропилен баштыктары, төмөн жана орто тыгыздыктагы пластик, желим түтүктөр
  • Дөңгөлөк
  • Картон жана кагаз, таңгак идиштер, кагаз пакеттер, реагенттер үчүн кагаз пакеттер

КГК кызыкдар компанияларды төмөндөгү шилтемеде көрсөтүлгөн техникалык тапшырмага ылайык, “Калдыктарды кайра иштетүү” деген жазуусу бар жабык конверттеги толтурулган анкетасы менен кошо коммерциялык сунуштарын 2021-жылдын 28-июлу саат 17:00го чейин берүүгө чакырат. Дареги: Бишкек шаары, Ибраимов көчөсү 24, 10-кабат (дем алыш күндөрү, коммерциялык сунуштары бар конверттерди КГКнын Элебаев / Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан гаражынын кире беришиндеги кутучаларга салууга болот).

КГК келип түшкөн коммерциялык сунуштарды толугу менен же жарым-жартылай кабыл алуу же четке кагуу укугун өзүнө калтырат жана атаандаштыкка жөндөмдүү сунуштарды сунуш кылган талапкерлерди жана КГКнын талаптарына ылайыктуусун тандап алат. КГК алдын ала тандалган уюмдар менен гана байланышат.

Опросник

Техническое задание на переработку аккумуляторных батарей

Техническое задание на переработку цветного металлолома

Техническое задание на переработку резиновых изделий и гидравлических шлангов, промасленной ветоши, топливных и масляных фильтров, аэрозольных баллончиков

Техническое задание на переработку полиэтиленовых и пропиленовых мешков, пластика низкой и средней плотности, пластиковых труб

Техническое задание на переработку шин

Техническое задание на переработку картона и бумаги, упаковочной тары, бумажных мешков, бумажных мешков из-под реагентов