Кумтөрчүлөр Тоң жана Жети-Өгүз райондорунда ишембилик өткөрүштү

Кумтөрчүлөр Тоң жана Жети-Өгүз райондорунда ишембилик өткөрүштү

Жарыяланган: 10 May 2017

«Кумтөр Голд Компани» кызматкерлери Жети-Өгүз районунун Тосор айылындагы автоунаа токтоочу жайда жана Тоң айылыын көл кыйыры менен эки пляжын тазалашты. Ишембилик ошондой эле Кескен-Бел ашуусундагы адамдар көп токтой турган жерде да өткөрүлдү.

Ашууда жана обулустагы көлгө түшчү жайларды тазалоо ишембиликтери компаниянын кызматкерлери үчүн салттуу иш-чара жана жергиликтүү бийлик да, жаштардын өкүлдөрү да, өнөктөш ишканалар да кызуу колдоого алышат. Бул жолку ишембилик да ошондой болду – жергиликтүү бийлик демилгени колдоп, тазалоо иштерине кошулду, ал эми өнөктөш ишканалар таштандыларды чыгаруу үчүн жүк ташууучу машиналарды камсыздады.

«Социалдык жоопкерчиликтүү компаниянын кызматкерлери катары биз компаниянын ички жана тышкы саясатын жумуштан тышкаркы да колодонобуз. Пайдалуу иш үчүн, туристтик сезонго кам көрүп чогулганыбыз бизди абдан кубандырат. Ошондой эле биздин демилгебиз Ысык-Көлдү кыдырган эс-алуучулар үчүн үлгү болуп, таштандылардын азайышына өбөлгө болот деп ишенебиз» – дейт, «Кумтөр» кенинин эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасы боюнча бөлүм жетекчиси Талайбек Жусупов.

Ишембиликтер кумтөрчүлөрдү коомдук-пайдалуу иштерге ыктыярчы катары тартуу боюнча ички корпоративдик программанын алкагында уюштурулду. Өткөн жылы «Кумтөрдүн ыктыярчылары» муктаждарга жардам берүү үчүн ар каандай иштерге 3000 саат жумшаган. Быйыл, 2017-жылы, бул көрсөткүчтү дагы 1000 саатка көбөйтүүнү мерчемделүүдө.