Эксперт В.Кузьмиченок: «Петров көлүнүн аз ыктымалдуу болгон жырылып кетүүсү дээрлик эч кандай коркунуч жаратпайт»

Эксперт В.Кузьмиченок: «Петров көлүнүн аз ыктымалдуу болгон жырылып кетүүсү дээрлик эч кандай коркунуч жаратпайт»

Жарыяланган: 06 February 2013

Эксперт В.Кузьмиченок: «Петров көлүнүн аз ыктымалдуу болгон жырылып кетүүсү дээрлик эч кандай коркунуч жаратпайт»Петров көлүнүн аз ыктымалдуу болгон жырылып кетүүсү дээрлик эч кандай коркунуч жаратпайт. Бүл жөнүндө «Кабар» КУМАдагы тегерек столдо эксперт Владимир Кузьмиченок билдирди.
Анын сөзү боюнча, «Кумтөр» ишканасы жайгашкан жердеги экологиялык кырдаал коркунуч жаратпайт. «Бул маселедеги экологиялык проблемалар ойдон чыгарылган жана жүйөөсүз. «Кумтөр» экологиялык маселелерге тийиштүү көңүл бурган жана көз карандысыз лабораториялардын кызматтарынан туруктуу пайдаланган», – деп айтты В.Кузьмиченок.

Ал ошондой эле мөңгүлөрдүн чаңдалуусу эч качан нормалардан ашкан эмес жана 50 – 60-жылдардын фондук көрсөткүчтөрүнө дал келет деп баса белгиледи. «Төгүндүлөр – бул долбоор киргизилгенге чейинки тоо тектери эле, а алардын кислота камтуу деңгээли да коркунуч жаратпайт. Петров көлү мөңгү азайган сайын толо баштайт, бирок эч кандай катастрофа жаратпайт. Потенциалдуу каптоо линиясы калдыктарды сактоочу жайга жетпейт. Анын үстүнө объектиде дайыма техника жана адамдар бар, алар ар кандай жырып кетүүлөрдү оңой эле болтурбай кое алышат», – деп айтты эксперт.