Жарыяланган: 26 May 2026
Кумтөр кен жайында Sandvik DD322i заманбап өзү жүрүүчү бургулоо орнотмосунда иштөө үчүн операторлорду жана өндүрүштүк окутуу инструкторлорун даярдоо жүрүп жатат.
Мындай заманбап санариптик техника КМШ аймагынын бир дагы тоо-кен ишканаларында жок жана биринчи жолу Кумтөрдө колдонулганы турат.
Жаңы техника жер астындагы бургулоо иштерин таптакыр башка денгээлдеги тактыкка чыгармакчы. Орнотмо электрондук бургулоо паспорттору менен иштеп, навигациялык система аркылуу бургуланган көзөнөктөрдү белгиленген багыт менен иштөөсүн камсыз кылат. Бул өз кезегинде жардыруу иштеринин сапатына түз таасирин тийгизип, тоо-кен казууларынын геометриясын так сактоого мүмкүндүк берет.
Мындан тышкары орнотмо тоо массивиндеги бекемдиги төмөн тилкелерди дагы аныктай алат. Ал маалыматтар жардыруу иштеринде эске алынып, массив алсызыраак болгон жерлерде кубаттуулугу төмөнүрөөк жардыруучу заттар колдонулат. Бул жер астындагы иштердин коопсуздугун жана тактыгын жогорулатат. Ошондой эле система бургулоо иштериндеги бардык маалыматтарды: тереңдигин, багытын, көлөмүн жана белгиленген параметрлерден четтөөлөрдү автоматтык түрдө каттоого алат.
Sandvik өзү жүрүүчү бургулоо орнотмосун өздөштүрүү жана аны андан ары колдонуу – коопсуздукка, санариптик технологияларды колдонууга, тоо-кен иштеринин тактыгына жана натыйжалуулугуна өзгөчө көңүл бурулган «Кумтөр Голд Компанинин» жер астынан алтын казуу ишинин маанилүү бөлүгү болуп саналат. Адистерди окутуу үстүбүздөгү жылдын 2-июнуна чейин уланат.
Маалымат үчүн: Алтынды жер астынан казып алуу долбоору 2025-жылы, август айында башталган жана 17 жылга эсептелген. Учурда мамлекеттик баланска 147 тонна алтындын геологиялык запасы коюлган.