Жарыяланган: 16 May 2026
Ардактуу апалар!
Сиздердин чыдамыңыздар, түн уйкуңуздарды төрткө бөлүп биз үчүн кылган дубаңыздар үчүн таазим кылабыз. Сиздердин мээримиңиздер бизге эң татаал шарттарда да күч-кубат берип келет.
Бул майрамда Кумтөрдүн ар бир кызматкеринин атынан энелерибизге терең ыраазычылык билдиребиз. Ден соолугуңуздар бекем болуп, төрүбүздүн көркү, үйүбүздүн куту болуп аман жүрүңүздөр!
Майрамыңыздар менен, кымбаттуу апалар!