Ысык-Көл областынын Тоң айылында бала бакча ачылды

Ысык-Көл областынын Тоң айылында бала бакча ачылды

Жарыяланган: 06 July 2011

Ысык-Көл областынын Тоң айылында бала бакча ачылды

Ысык-Көл областынын Тоң районунун Тоң айылында бала бакча ачылды. Мектепке чейинки билим берүү мекемесинин имаратынын реконструкциясы «Кумтөр Оперейтинг Компанинин» финансылык колдоосу менен жүргүзүлгөн. Алтын өндүрүүчү ишкана бала бакча үчүн жабдууларды: тиричилик техникасын, оюнчуктарды, биринчи зарылчылыктагы буюмдарды сатып алууга жардам берди. Бала бакчанын салтанаттуу ачылышында айылдын элинин жарымынан көбү чогулду, а жергиликтүү балдар анча чоң эмес концерт даярдашкан. Ыңгайлуу жана толук жасалган имарат сентябрда бөбөктөрдү кабыл ала баштайт.

Ысык-Көл областынын Тоң районунда быйылкы жылдан баштап «Кумтөр Оперейтинг Компанинин» (КОК) финансылык колдоосу менен тогуз социалдык долбоор ийгиликтүү жүзөгө ашырылып жатканын белгилеп коелу. Иш ЮНИФЕМ («БУУ-Аялдар») эл аралык уюму жана жергиликтүү бийлик, ӨЭУлар менен бирдикте жүргүзүлүүдө. «Кумтөр Оперейтинг Компани» долбоордун алкактарында Тоң районунун айылдарынын социалдык инфраструктурасын жакшыртууга багытталган чакан гранттар программасын жүзөгө ашырууга 130 миң АКШ долларын бөлгөн. Өз кезегинде «БУУ-Аялдар» фонду өзүнө чакан гранттарды алуучулардын долбоорлорунун конкурсун уюштурууну жана өткөрүүнү алган. Конкурстун жыйынтыктары боюнча бирдей бюджети – 10 миңден АКШ доллары болгон тогуз долбоор тандалып алынган.

Тоң айылында бала бакчанын ачылышы «Кумтөр Оперейтинг Компанинин» финансылык колдоосу менен Тоң районунда жүзөгө ашырылган тогузунчу социалдык долбоор болуп калды. Алтын өндүрүүчү компаниядан алынган гранттын суммасына Ысык-Көл областын өнүктүрүү фондунун каражаттары да кошулду, ал фонддун бюджети да «Кумтөр Оперейтинг Компани» которгон каражаттардын эсебинен куралат.

Тоңдуктар бала бакча жөнүндө 20 жылдан ашуун кыялданып келишкен. Бүгүнкү күндө айылда эки миңден ашуун адам жашайт, ар бир үй-бүлөдө кеминде үчтөн бала бар, а айрымдарында андан көп, ата-энелер иште болгон учурда аларды кайда калтыруу проблема болуп келген. Айылдын аялдары СССР тарагандан кийин жабылып калган бала бакчаны калыбына келтирүү маселесин бир нече жолу көтөрүшкөн. Анын үстүнө тоңдуктардын бир нече мууну тарбияланышкан имарат сакталып турган. Мында бир нече жыл мечит болгон, а акыркы жылы бош турган. Элүүнчү жылдардын башталышында курулган имарат бир топ эскирген: чатыры тешилип, тышы ураган. Ошентсе да жаңысын курганга караганда аны калыбына келтирүү реалдуураак болгон. Балыкчылык подрядчы фирма имаратты толук жаңылады. Чатырын кайрадан жапты, эски жыртык терезелердин ордуна заманбап пластик айнек пакеттерин коюшту, жаңы электр өткөргүчтөрүн жана жылытуу системасын тартышты, гипсокартондун жардамы менен дубалдарды жылуулашты жана түздөштү. Имараттын реставрацияланган фасадын саргыч түскө боешту, катарына селкинчектери бар балдар аянтчасын курушту. Электр энергиясы өчүп калган учурга деп эски көмүр менен жылытуу системасын калтырып коюшту.

Ири ишкана менен эл аралык уюмдун мындай өз ара кызматташуусу Кыргызстандагы меценанттыктын тарыхында биринчиси болуп калды. Бул сынамык долбоор «Кумтөр Оперейтинг Компанинин» социалдык жоопкерчилигинин жана региондогу олуттуу социалдык проблемаларды чечүүгө катышууга даярдыгынын дагы бир далили болуп калды.