Ысык-Көл облусунун Кызыл-Суу айылында «Кумтөрдүн» колдоосу менен «Дем» окуу борбору ачылды

Ысык-Көл облусунун Кызыл-Суу айылында «Кумтөрдүн» колдоосу менен «Дем» окуу борбору ачылды

Жарыяланган: 21 June 2022

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылында 17-июнь күнү «Дем» окуу борборунун салтанаттуу ачылыш аземи болду. Бул коомдук китепкананын имаратын оңдоп-түзөө иштерин жергиликтүү ишкерлер жана чет жерде иштеп жүргөн кыргызстандыктар жүргүзүштү. «Кумтөр Голд Компани» ЖАКы (КГК) эмеректерди, оргтехникаларды жана айрым курулуш материалдарын сатып алууга 13 миң АКШ долларын бөлгөн.

«Дем» долбоору алгач облустун борбору – Каракол шаарында демилгелүү жаштар тарабынан ийгиликтүү ишке ашырылган. Бул долбоор аркылуу өз ара аракеттенүүнүн заманбап формалары менен китеп окуу маданиятын өнүктүрүү максаты көздөлгөн.

Демилгечилер Кызыл-Суудагы борбор ошол аймактагы ондогон айыл жаштарынын эң сүйүктүү жайына айланат деп ишенет. Мындан тышкары жаңы комплексте ар кандай семинарлар жана мастер-класстар, китеп сынактары, талкуулар, шахмат мелдештери, музыка жана кино кечелери, англис тил клубу,  ийгиликтүү адамдар менен жолугушуулар өткөрүлүп турмакчы.