“ЖАШЫЛ МУРАС” КАМПАНИЯСЫНЫН АЛКАГЫНДА КГК КЫЗМАТКЕРЛЕРИ ЖЕТИ-ӨГҮЗ РАЙОНУНА ТЯНЬ-ШАНЬ КАРАГАЙЛАРЫН ТИГИШТИ

“ЖАШЫЛ МУРАС” КАМПАНИЯСЫНЫН АЛКАГЫНДА КГК КЫЗМАТКЕРЛЕРИ ЖЕТИ-ӨГҮЗ РАЙОНУНА ТЯНЬ-ШАНЬ КАРАГАЙЛАРЫН ТИГИШТИ

Жарыяланган: 03 May 2023

“Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коому өлкө башчысы Садыр Жапаров тарабынан жарыяланган “Жашыл мурас” улуттук бак отургузуу өнөктүгүнө активдүү катышууда.

Өткөн жумадагы ишмебиликте Айыл-чарба министрлиги менен биргеликте “Кумтөр” компаниясынын кызматкерлери Жети-Өгүз райондук токой-чарбасынын Борду участогунун 8 гектар аймагына Тянь-Шань карагайларынын көчөттөрүн отургузушту.

Ишембиликке “Кумтөр Голд Компани” ЖАКтын президенти Алмазбек Барыктабасов, вице-президенти Улукмырза Абакиров баштаган компаниянын элүүдөй кызматкери, ошондой эле Айыл-чарба министри Аскарбек Жаныбеков, Жети-Өгүз районунун акими Эрмек Бахавадинов жана райондук активдер катышты.

КГК Президенти Алмазбек Барыктабасов “Урматтуу Президентибиз Садыр Нургожоевичтин былтыр, март айында баштап берген “Жашыл мурас” улуттук көчөт отургузуу кампаниясынын башкы максаты – келечек муунга, жаркыраган жашыл Кыргызстанды мураска калтыруу! Мамлекет башчысынын жылына 5-6 миллион көчөт тигели деген демилгесин колдоого алып, өлкө келечеги үчүн ушундай улуу ишке өз салымыбызды кошуп жатканыбызга сыймыктанабыз” – деди.

“Кумтөр Голд Компани” Жети-Өгүз райондук токой-чарбасына керектүү шаймандарды сатып алууга, ошондой эле 8 гектар аймактын айланасын курчоого, сугат системасын курууга да каржылык колдоо көрсөттү.

Иш-чаранын алкагында “Кумтөр Голд Компани” менен Айыл-чарба министрлигинин ортосунда өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюлду. КГК башчысы Алмазбек Барыктабасов министрлик менен мындан ары дагы тыгыз кызматташтыкта иш алып барууга даяр экенин билдирди.