Балыкчы шаарында «Кумтөр Оперейтинг Компани» тарабынан финансыланган «Балыкчи Финанс» микрокредиттик агенттиги ачылды

Балыкчы шаарында «Кумтөр Оперейтинг Компани» тарабынан финансыланган «Балыкчи Финанс» микрокредиттик агенттиги ачылды

Жарыяланган: 04 May 2012

Балыкчы шаарында «Кумтөр Оперейтинг Компани» тарабынан финансыланган «Балыкчи Финанс» микрокредиттик агенттиги ачылды 2012-жылдын 3-майында Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл областынын Балыкчы шаарында «Кумтөр Оперейтинг Компанинин» финансылык колдоосу менен ачылган «Балыкчи Финанс» МКАсында кредиттерди алууга биринчи сертификаттарды салтанаттуу тапшыруу болуп өттү.

«Балыкчи Финанстын» кредиттик портфели 15 миллион сомду түзөт, а берилүүчү кредиттер боюнча пайыздык ставка – жылына 10-12%.
Микрокредиттерди кичи бизнести да, ошондой эле айыл чарбасын жана фермердик чарбаларды өнүктүрүүгө да берүү пландаштырылууда.

Алгачкы сертификаттарды бардык зарыл документтерди жана бизнес-пландарды беришкен 24 адам алды. Кредиттерди бөлүү жөнүндө чечимдер байкоочу кеңештин жыйналышында кабыл алынат, анын мүчөлөрү болуп жергиликтүү бийликтин, коомчулуктун жана «Кумтөр Оперейтинг Компанинин» өкүлдөрү саналышат.

«Балыкчи Финанс» МКАсынын ачылышы «Кумтөр Оперейтинг Компанинин» калктын туруктуу долбоорлорду түзүүгө, социалдык проблемаларды чечүүгө жана компания өз ишмердүүлүгүн жүргүзгөн региондун экономикалык потенциалын өнүктүрүүгө багытталган демилгелерин колдоо боюнча программасын жүзөгө ашыруунун дагы бир этабы болуп калды.

Компаниянын колдоосу менен ачылган ушундай микрокредиттик уюмдар Ысык-Көл областынын Жети-Өгүз жана Тоң райондорунда ийгиликтүү иштеп жатышат.