«Кумтөр» компаниясынын Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна мамлекеттик камсыздандыруу взносторун төлөөлөр боюнча тактоосу

«Кумтөр» компаниясынын Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна мамлекеттик камсыздандыруу взносторун төлөөлөр боюнча тактоосу

Жарыяланган: 25 February 2014

20-февралда парламенттин жыйынында Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун башчысы Мухаммедкалый Абулгазиев мырза анын ведомствосу «Кумтөрдүн» чет элдик иштөөчүлөрү камсыздандыруу взносторун которуусун талап кыла тургандыгын билдирди. Анын сөзү боюнча, бардык чет элдиктер Соцфондго камсыздандыруу взносторун төлөөгө тийиш. “Бирок, «Кумтөр» боюнча 2009-жылдагы макулдашууда КРнын жарандарынан гана иштөөчүлөр төлөй тургандыгы жазылган”, – деп билдирди ал.

Абулгазиев мырза «Кумтөрдүн» чет элдик кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна камсыздандыруу взносторун которуу маселесин бир нече жолу көтөргөн.

Ушуга байланыштуу компания бул кырдаал боюнча өзүнүн түшүндүрүүсүн берүүнү зарыл деп эсептейт. Чет элдик иштөөчүлөр үчүн камсыздандыруу взносторун төлөөлөрдү «Кумтөр Голд Компани» ЖАКы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө мыйзамдарынын талаптарын бекем сактоо менен жүргүзөт. “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы концессиялар жана концессиялык ишканалар жөнүндө” мыйзамдарга ылайык, ошондой эле Өкмөт кол койгон жана өлкөнүн парламенти тарабынан бекитилген 2009-жылдагы “Жаңы шарттар жөнүндө” макулдашуунун жоболорун эске алуу менен «Кумтөр Голд Компани» ЖАКы мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча взносторду Кыргыз Республикасынын жарандары жана жарандыгы жок адамдары үчүн гана төлөөгө милдеттүү жана чет элдик иштөөчүлөр үчүн социалдык камсыздандыруу жана социалдык камсыздоо боюнча төлөмдөрдү чет мамлекеттин тиешелүү фондуларына которууга укуктуу.