Сары-Мойнок ашуусундагы чукул кырдаал боюнча маалымат – жоготуу бар

Сары-Мойнок ашуусундагы чукул кырдаал боюнча маалымат – жоготуу бар

Жарыяланган: 30 September 2014

Сары-Мойнок ашуусунда көчкү жүргөн аймакта куткаруу иштери боюнча кошумча маалымат катары билдиребиз:

Саат 14:15 чамасында куткаруучу топ тик учактын жардамы менен Сары-Мойнок ашуусунун аймагында жабыркаган бир альпинистти таап куткарышты. Тилекке каршы экинчи альпинистти сактап калууга мүмкүн болбоду. Жабыркаган альпинист, куткаруучу топтун мүчөлөрү жана курман болгон альпинисттин сөөгү тик учак менен Бишкекке жеткирилди.

Жабыр тарткан альпинисттердин үй-бүлөлөрү менен тиешелүү органдарга билдирүү жасалмайынча алардын аты-жөнү айтылбайт.