«Кумтөр» компаниясынын куткаруучулар бригадасы Жыргалаң көмүр кениндеги эки шахтёрлорду куткарууга катышышты

«Кумтөр» компаниясынын куткаруучулар бригадасы Жыргалаң көмүр кениндеги эки шахтёрлорду куткарууга катышышты

Жарыяланган: 27 April 2017

Ысык-Көл обулусунда 2017-жылдын 22-апрелинде «Жыргалаң-Дөргөкөмүр» ОсООсу иштеп жаткан көмүр чыкчу кенде жер астындагы суулардын күтүлбөгөн жерден оргуп чыгышынан улам өндүрүштүк кырсык болгон. Натыйжасында эки шахтачы сыртка чыгалбай калышкан. «Кумтөр» кенинин техникалык камсыздоо кызматынын менеджери Джералд Уиглсворс белгилегендей «Кумтор Голд Компани» жетекчилиги ошол замат жардамга шашылып, кырсыктын өзгөчөлүгүн эске алуу менен, суу сордурууу кызматынын координатору Бейше Токоев, кен жайдын администратору Аскар Мамырканов, техникалык коопсуздук инженери Марат Шабиев, мастер-электрик Найзабек Исмаилов жана слесарь-монтажник Эльнур Гайнутдиновдон турган беш адамды көмөккө жөнөттү.

«Кумтөр» кенинин улук гидрогеологу Кирилл Алексеевдин айтканы боюнча издөө иштерине керектүү атайын жабдуулар: кабелдер, трубалар, кубаттуу насостор тандалып алынган. «Жыргалаң» кенине ыкчам жетүү менен адистер шашылын насосторду орнотуп суу сордурууну таң атканча улантышкан. Натыйжада шахтадагы суунун деңгээлин жети метрге чейин төмөндөтүүгө жетишишти, ал эми полевой штрек ачылганда суу жетпеген коңулдагы тирүү адамдарды көрүшкөн.

Дээрлик эки сутка бою жер алдындагы туткунда калышкан эки шахтёр аман-эсен жер үстүнө чыгарылды.

Куткаруу иштерине жергиликтүү тургундар жана обулустук, райондук түзүмдөдүн кызматкерлери, Ысык-Көл обулусу боюнча ӨЧМнын бөлүмдөрүнүн жана Ак-Суу районунун Жарандык коргонуу кызматынын кызматкерлери катышышты.