Жарыяланган: 24 June 2026
ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 3-июлу, саат 12:00 (Бишкек убактысы боюнча).
«Кумтөр Голд Компани» ЖАК (мындан ары – КГК) сиздердин компанияңыздарды төмөнкүлөрдү жеткирүү үчүн баа сунуштарын тапшырууга чакырат:
| Бөлүнүүчү Лот | Аталышы | Саны | Өлчөө бирдиги |
| 1-лот | ТУТАШ ФУНДАМЕНТ БЛОКТОРУ, ФБС 24.6.6T, ГОСТ 13579-78 БОЮНЧА, ӨЛЧӨМҮ 2380X600X580 ММ | 56 | ДААНА |
| 2-лот | ТУТАШ ФУНДАМЕНТ БЛОКТОРУ, ФБС 12.6.6T, ГОСТ 13579-78 БОЮНЧА, ӨЛЧӨМҮ 1180X600X580 ММ | 32 |
ДААНА
|
| 3-лот | ТУТАШ ФУНДАМЕНТ БЛОКТОРУ, ФБС 12.4.6T (ЛЕГО), ӨЛЧӨМҮ: 1180X400X580 ММ | 26 | ДААНА |
| 4-лот | ТУТАШ ФУНДАМЕНТ БЛОКТОРУ, ФБС 24.4.6T (ЛЕГО), ӨЛЧӨМҮ: 2380X400X580 ММ | 26 | ДААНА |
| 5-лот | ТЕМИР-БЕТОН ПОЛ ПЛИТАСЫ 1ПK 60.12-8 ГОСТ 9561-91 БОЮНЧА, ӨЛЧӨМҮ 5980X1190X220 ММ | 9 | ДААНА |
| 6-лот | ТЕМИР-БЕТОН ТҮТҮК T-100.30.2 | 21 | ДААНА |
Тапшыруу форматы: Коммерциялык сунуш (мындан ары – «КC») PDF форматында тапшырылып, келишим боюнча милдеттенмелерге кол коюуга укуктуу адам тарабынан кол коюлушу керек. Ошондой эле, КC ишкананын расмий фирмалык бланкында кол жана мөөр коюулуп даярдалышы керек.
Сунуштарды тапшыруу тартиби: Тандоо катышуучулары коммерциялык сунуштарды орус же англис тилдеринде даярдап электрондук почта дарегине gbi.info@kumtor.kg 2026-жылдын 3-июлунда саат 12:00гө чейин (Бишкек убактысы боюнча) жөнүтүшү керек.
Тандоого катышуу үчүн тапшырылган коммерциялык сунуш төмөнкү документтерди камтышы керек:
Жеткирүү дареги: Кыргызстан, Балыкчы ш., Нарын шоссеси, 9.
Коммерциялык сунуштарды баалоо критерийлери: Жеңүүчү болуп — сүрөттөмө, техникалык параметрлерге/тапшырмага (ТТ) жооп берген жана эң төмөн баа берген коммерциялык сунуш таанылат.
Өз сунушун тапшыруу менен катышуучу КГКнын талаптарында көрсөтүлгөн бардык шарттарга макул болот.
KГК сунуштарды кабыл алууга же четке кагууга укуктуу, ошондой эле келишим берилгенге чейин каалаган убакта тандоо процессин токтотууга укуктуу, тиешелүү КС тапшырган катышуучулардын алдында эч кандай милдеттенме албастан.
Катышуучулар тарабынан белгиленген мөөнөттөрдөн кийин тапшырылган коммерциялык сунуштар кабыл алынбайт жана каралбайт.
Ар бир тандоо катышуучусу бир гана коммерциялык сунуш бере алат. Сунуштарды тандоо учурунда коммерциялык сунушка өзгөртүүлөрдү киргизүүгө уруксат берилбейт. Бул тандоо боюнча бардык суроолорду электрондук почта аркылуу жөнөтүңүз: nurlan.semetov@kumtor.kg. Тандоо шарттарын тактоо үчүн өтүнүчтөр сунушту тапшыруу мөөнөтүнө чейин 3 календардык күн мурун жөнөтүлүшү керек.