Айыл чарба өсүмдүктөрүн зыянкечтерден коргоо боюнча тренинг

Айыл чарба өсүмдүктөрүн зыянкечтерден коргоо боюнча тренинг

Жарыяланган: 28 February 2012

Айыл чарба өсүмдүктөрүн зыянкечтерден коргоо боюнча тренинг 2012-жылдын 2-мартында «Кумтөр Оперейтинг Компанинин» Барскоон айылындагы Регионалдык маалымат борборунда Жети-Өгүз жана Тоў районунун жашоочулары үчүн айыл чарба өсүмдүктөрүн коргоо боюнча тренинг өткөрүлөт.

Семинарлардын тренерлери Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Агробиоборбордун Каракол райондор аралык филиалынын өкүлдөрү жана Барскоон мөмө-жемиш питомнигинин жетекчиси болушат.

Бул семинарда катышуучулар дан эгиндеринин жана мөмө бактарынын илдеттерин биологиялык коргоонун жана алдын алуунун негиздери менен гана эмес, ошондой эле түшүмдүүлүктү жогорулатуу методдору менен да таанышышат. Тренерлер экологиялык таза продукция алуу үчүн шарттарды түзүү сырларын бөлүшүшөт, ошондой эле Жети-Өгүз жана Тоў райондорунда кеўири жайылтылган өрүк жана алма дарактарын бутоо, дарылоо жана сезондук кароо өзгөчөлүктөрү жөнүндө да айтып беришет.

Айыл чарба өсүмдүктөрүн коргоо боюнча тренинг Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкы тарабынан «Кумтөр Оперейтинг Компани» менен бирдикте өткөрүлүп жаткан Ишкер консультацияларды колдоо программасынын (BAS) жакынкы жарым жылга пландаштырылган иш чараларынын бири болуп саналат. Программанын алкактарында адистер жергиликтүү жашоочуларды айыл чарбасындагы жөндөмдүүлүктөргө жана жаўылыктарга окутушмакчы. Бул курстар региондун экономикалык потенциалын жакшыртууга жана туруктуу өнүктүрүү долбоорлорун түзүүгө багытталган.

Алдыдагы семинарлар жөнүндө, ошондой эле аларга катталуу процедурасы жөнүндө кеўири маалыматты «Кумтөр Оперейтинг Компанинин» Регионалдык маалымат борборунун кызматкерлеринен билүүгө болот.

ЕРӨБ тарабынан уюштурулган тренингдерге катышуу, ошондой эле Борбордун бардык кызматтары калкка акысыз берилет.