ТОО-КЕН-ӨНДҮРҮШ БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО

ТОО-КЕН-ӨНДҮРҮШ БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО

Жарыяланган: 02 September 2026

ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 16-сентябры, саат 16:00 (Бишкек убактысы боюнча).


“Кумтөр Голд Компани” ЖАК жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү арасында Тоо-кен-өндүрүш бөлүмүнө эки жылдык такшалма өтүү үчүн тандоо жүргүзөт.

Талаптар:

  • Тоо-кен иши багыты боюнча жогорку билим жөнүндө диплом (ачык тоо-кен иштери, пайдалуу кендердин жер астындагы кендерин иштетүү, бургулоо-жардыруу иштери, маркшейдердик иш);
  • Microsoft Office программаларын ишенимдүү колдонуу;
  • «В» категориясындагы айдоочулук күбөлүк;
  • Натыйжалуу баарлашуу көндүмдөрү;
  • Кесиптик көндүмдөрдү өздөштүрүүнү каалоо;
  • Жеке сапаттар: эмгекчилдик, тырышчаактык, командада иштей билүү;
  • Такшалма учурунда алган билимдери жана көндүмдөрү тууралуу отчетторду жана баяндамаларды берүү жөндөмү;
  • Жакшы дене түзүлүш, дарыгерлердин көрсөтмөсү боюнча бийик тоолуу шарттарда иштөөгө жарамдуулук.

Милдеттери:

  • Кендерди ачык жол менен иштетүүдө коопсуз иштөө ыкмаларын үйрөнүү жана түшүнүү;
  • Отчеттук системаларды жана иш кагаздарын башкаруу көндүмдөрүн өздөштүрүү;
  • Карьерде колдонулган алдыңкы технологиялар менен таанышуу;
  • Диспетчердик кызматтын жана MineSense системасынын ишмердүүлүгүн изилдөө;
  • Түздөн-түз жетекчинин ар кандай тапшырмаларын аткаруу;
  • Коопсуздук техникасы боюнча эрежелерди жана нормаларды, ошондой эле Компаниянын Жоболорунда белгиленген эмгек тартибин такшалуунун бүткүл мөөнөтундө сактоо.

Такшалма шарттары:

  • Акы төлөнүүчү такшалма
  • Такшалма мөөнөтү – 2 жыл
  • Такшалма өтүү жери – “Кумтөр” кени
  • Такшалма графиги – 14/14

Тандоого катышуу үчүн:   

  • 2026-жылдын 16-сентябрь күнү, саат 16:00 кечикпестен, шилтеме аркылуу өтүп, анкетаны толтуруп, ага бардык керектүү документтерди тиркөө керек.

Тестирлөөгө жана маектешүүгө эӊ ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.