ТОО‑КЕН ӨНДҮРҮШ БӨЛҮМҮ ҮЧҮН, КАРЬЕРДИ СУУ БАСУУДАН КОРГОО ЖАНА КУРГАТУУ КЫЗМАТЫНА 3 (ЭКИ) ЛОТ БОЮНЧА КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮ

ТОО‑КЕН ӨНДҮРҮШ БӨЛҮМҮ ҮЧҮН, КАРЬЕРДИ СУУ БАСУУДАН КОРГОО ЖАНА КУРГАТУУ КЫЗМАТЫНА 3 (ЭКИ) ЛОТ БОЮНЧА КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮ

Жарыяланган: 28 April 2026

АРЫЗДАРДЫ КАБЫЛ АЛУУНУН МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 15-майы, саат 11:00 (Бишкек убактысы боюнча).


ЭКИ ПАКЕТТҮҮ ЧЕКТӨӨСҮЗ КОНКУРСКА КАТЫШУУ ҮЧҮН ЧАКЫРУУ

Заказчы: ЖАК «Кумтор Голд Компани» (мындан ары – «КГК») төмөнкү кызматтарды көрсөтүү үчүн конкурска катышууга чакырат:

  1. Электр‑газ ширетүү иштери
  2. Монтаж иштер
  3. Платформанын айдоочусу

ТАЛАП КЫЛЫНГАН ДОКУМЕНТТЕР:

  1. №1 Тиркеме (Ак ниеттүүлүк декларациясы жана коррупцияга каршы жобо) толтурулган түрдө.
  2. №2 Тиркеме (Конкурстук сунушту кепилдеген декларация) толтурулган түрдө.
  3. №3 Тиркеме (Катышуучунун анкетасы) толтурулган түрдө.
    – Документтер кайсы кызматка тапшырылып жаткандыгы милдеттүү түрдө көрсөтүлүшү керек.
  4. №4 Тиркеме (Коммерциялык сунуш).
  5. Паспорттун / ID-картанын сканер көчүрмөсү.
  6. Жеке ишкер катары мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүк жана салыктык карыздын жоктугу жөнүндө маалымкат.
    – Эгерде мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүк жок болсо, сөзсүз түрдө жеке ишкер катары каттоодон өтүү милдеттенмеси тууралуу кепил кат берилүүгө тийиш.
  7. Соттолбогондугу жөнүндө маалымкат, акыркы 3 (үч) айдан ашпаган мөөнөткө берилген.
    – Эгерде маалымкат «Түндүк» тиркемеси аркылуу берилсе, анда анын жарактуулук мөөнөтү 30 (отуз) күн болуп эсептелет.
  8. Техникалык тапшырмаларга ылайык тиешелүү күбөлүктөр.
  9. Квалификацияны тастыктаган башка сертификаттар жана документтер.

КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ДОКУМЕНТТЕРДИ ТАПШЫРУУ БОЮНЧА НЕГИЗГИ ТАЛАПТАР:

  1. Конкурстун катышуучулары документтерди miningkgk26@kumtor.kg
  2.   электрондук дарегине же төмөндө көрсөтүлгөн даректер боюнча жабык конверттерде 2026‑ж. 15-май, саат 11:00гө чейин (Бишкек убактысы) тапшырышы керек.
    – Белгиленген мөөнөттөн кеч тапшырылган сунуштар кабыл алынбайт жана каралбайт.
    – Документтерди тапшыруу мөөнөтү аяктагандан кийин өзгөртүү же толуктоо киргизүүгө жол берилбейт.
  3. Документтер PDF форматында, көлөмү 25 МБдан ашпоого тийиш.
  4. Конкурс алкагында берилген бардык документтер купуя болуп эсептелет.
  5. Сунуш берүү менен катышуучу Компаниянын бардык шарттарына толук макул экенин тастыктайт.
  6. КГК кошумча тастыктоочу документтерди талап кылуу же берилген маалыматтарды текшерүү укугун өзүндө калтырат.
    – Так эмес маалыматтар аныкталган учурда арыз четке кагылат.
  7. КГК талаптарга жооп бербеген бардык сунуштарды четке кагуу укугун өзүндө калтырат.
    – Документтерди тапшыруу кийинки этаптарга катышууну кепилдебейт.
  8. Эгерде бул Чакыруу документине өзгөртүүлөр киргизилсе, Заказчы документтерди тапшыруунун акыркы мөөнөтүн жылдыруу укугуна ээ.
    – Бул тууралуу маалымат Заказчынын расмий сайтында жарыяланат:
    👉 https://www.kumtor.kg/ru/

ДОКУМЕНТТЕР ЭКИ ӨЗ-ӨНЧӨ ПАКЕТ МЕНЕН ТАПШЫРЫЛАТ:

  • Пакет №1: Квалификациялык жана техникалык сунуштар – Чакыруу жана техникалык тапшырмада көрсөтүлгөн бардык документтер (парольсуз).
  • Пакет №2: №4 Тиркеме (Коммерциялык сунуш).
    – Кызмат көрсөтүүнүн 1 саатынын баасы сөзсүз түрдө көрсөтүлүшү керек.
    – Документ пароль менен корголууга тийиш, пароль Заказчынын суроосу боюнча берилет.

МААНИЛҮҮ (ДОКУМЕНТТЕР КОНВЕРТ МЕНЕН ТАПШЫРЫЛГАНДА):

Аткаруучу документтерди жабык конверттерде төмөнкү кабыл алуу пункттарына тапшыра алат.

КОНВЕРТТЕРГЕ КОЮЛУУЧУ ТАЛАПТАР:

  • Пакет №1 — квалификациялык документтер (өзүнчө конверт).
  • Пакет №2 — коммерциялык сунуш (өзүнчө конверт).

Ар бир конвертте сөзсүз түрдө төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:
Аты‑жөнү (ФИО), документ тапшырылган дата жана кайсы кызматка тапшырып жаткандыгы.

⚠️ Аты‑жөнү жана кызмат көрсөтүлбөгөн конверттер каралбайт.

КОНВЕРТТЕРДИ КАБЫЛ АЛУУ ПУНКТТАРЫ

Башкы кеңсе (Бишкек ш.):
720031, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Ибраимов көч., 24/1.

Регионалдык кеңсе (Каракол ш.):
772206, Кыргыз Республикасы, Каракол шаары, Элебаев көч., 150.

Бул Чакыруу боюнча суроолор жаралган учурда катышуучу төмөнкү электрондук дарекке кайрыла алат:
📧 Altynai.Sargaldakova@kumtor.kg

Сурамдар квалификациялык документтерди тапшыруунун акыркы мөөнөтүнө 3 иш күн калганда кечиктирбестен жиберилиши керек.
Разъяснялоочу жооп суроо келген электрондук дарекке 3 (үч) календардык күндүн ичинде жөнөтүлөт.

 

БАРДЫК ТИРКЕМЕЛЕР