«Кумтөр» кендин кызматкерлери Токмок шаарындагы жалгыз бой карыялардын пансионунда кайрымдуулук акциясын өткөрүштү

«Кумтөр» кендин кызматкерлери Токмок шаарындагы жалгыз бой карыялардын пансионунда кайрымдуулук акциясын өткөрүштү

Жарыяланган: 14 March 2018

2018-жылы 4-мартта 8-март Эл аралык аялдар күнүнө карата «Кумтөр» кендин кызматкерлери Кызыл Жарым Айдын ыктыярчылары жана кары адамдар менен биргелешип жалгыз бой кары адамдар үчүн пансиондун келечектеги бакчасына мөмө-жемиштүү бак-дарактарды отургузушту.

Көчөт тигүү аягына чыккан соң, баары биргелешип чай ичип, даам татып, карыялардын көйгөйлөрү тууралуу тасма көрүштү. Ошондой эле, кумтөрчүлөр чогулткан акчага жазгы акциянын баардык катышуучуларына белек топтомдору тапшырылды.