Ысык-Кɵлдɵ мɵмɵ-жемиштердин үчүнчү ар жылдык фестивалы болуп ɵттү

Ысык-Кɵлдɵ мɵмɵ-жемиштердин үчүнчү ар жылдык фестивалы болуп ɵттү

Жарыяланган: 13 August 2015

Ɵткɵн дем алыш күндɵрү Ысык-Кɵл облусунун Түп районундагы Түп айылында мɵмɵ-жемиштердин «Карагат Фест» ар жылдык фестивалы ɵттү. Фестиваль «Кумтɵр Голд Компанинин» каржылык колдоосу менен «Авеп» КФсы жүзɵгɵ ашырып жаткан «Карагат +» долбоорунун алкагында үчүнчү жылы катары менен ɵтүүдɵ.
Быйыл фестивалда Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министри, Ɵкмɵттүн Ысык-Кɵл облусундагы ыйгарымдуу ɵкүлү, Түп районунун акими, ошондой эле облустун 30 айылынан 3 миңдей адам болушту.

Фестивалдын коноктору ар кандай мɵмɵ-жемиштердин, джемдердин жана компоттордун даамын гана татышпастан, продукцияны натыйжалуу ɵстүрүү боюнча жаңы билим алуу, жабдуулардын кɵргөзмө бурчтарын кɵрүү, айыл чарба чɵйрɵсүндɵгү адистерден кеңеш алуу, ошондой эле «Карагат +» программасынын компоненттерин кɵрүү мүмкүнчүлүгүн да алышты. Кɵрүүчүлɵр үчүн күнөскана жана тамчылатып сугаруу системалары орнотулуп, кызыккан фермерлер облустун бүт аймагында иштеп жаткан сактоо пунктулары жана питомниктер жɵнүндɵ маалымат алышты. Ал гана түгүл, бардык каалоочулар «Кумтɵр Голд Компанинин» маалымат будкасына кире алышты, анда компаниянын кызматкерлери Ысык-Кɵл облусун ɵнүктүрүү боюнча долбоорлор жɵнүндɵ айтып берип, «Кумтɵрдүн» ишмердүүлүгү жɵнүндɵ басылма материалдарды таратышты.

Ɵткɵн фестивалдын маанилүү жетишкендиктеринин бири фермерлер менен ири кайра иштетүүчүлɵрдүн ортосунда Ысык-Кɵл облусунан 100 тонна мɵмɵ-жемиштерди берүүгɵ меморандумга кол коюу болду.

«Карагат +» – эң алгач ɵзүнүн айланасына кɵп адамдарды бириктирген, кызматташуу боюнча долбоор. Аны жүзɵгɵ ашырууга кɵлдүктɵр да, бул программанын майда-чүйдɵсүнɵ чейин билген жергиликтүү бийлик да кызыкдар. Фермерлер жаңы тажрыйба алып, айыл чарбасында заманбап технологияларды пайдаланууну, күнөскана бизнесин жана питомниктерди ɵнүктүрүүгө үйрɵнүштү. Бүгүн биз долбоордун ийгиликтүү жүзɵгɵ ашырылышы менен бири-бирибизди куттуктоо, үч жылдык иштин жыйынтыктарын талкуулоо жана катышуучулардын пикирин угуу үчүн чогулдук. Программа облустун тургундары үчүн пайдалуу экендигине ишенем», – деп белгиледи «Кумтɵр Голд Компанинин» тобокелчиликтерди башкаруу, нормативдик базаны сактоо жана туруктуу ɵнүктүрүү боюнча вице-президенти Родни Ступарик.