«Кумтөр Голд Компанинин» кызматкерлери Кыргызстандагы Биринчи Балдар Хосписине тиричилик техникасын белек кылышты

«Кумтөр Голд Компанинин» кызматкерлери Кыргызстандагы Биринчи Балдар Хосписине тиричилик техникасын белек кылышты

Жарыяланган: 24 June 2016

2016-жылдын 22-июнунда «Кумтөр Голд Компанинин» медициналык бөлүмүнүн кызматкерлери Кыргызстандагы Биринчи Балдар Хосписине айкаш үлгүдөгү тамак бышыруу үчүн меш, блендер жана эт туурагыч белек кылышты.Кумтөрчүлөр хоспис кызматкерлеринин жаңы имараттын ашканасын жабдууга жардам сурап, калың журтка кайрылуусун угуп, жардам беришти.

Башка имаратка көчүүнү болжоп жаткан балдар хосписи бардык шарттарды түзүүгө дээрлик нөлдөн баштоого мажбур. Муктаждыктардын бир бөлүгү жеке кайрымдуулуктун эсебинен, анын ичинде кумтөрчүлөрдүн көмөгү менен камсыз болду. Эске салсак, КГК кызматкерлери өлкөдөгү ушул багыттагы балдарга арналган жалгыз мекемеге ачылган күнүнөн тартып колдоо көрсөтүп, ай сайын ыктыярдуу түрдө каражат чогултуп беришет.

«Биз Кумтөр жана кумтөрчүлөргө камкордугу жана жароокерлиги үчүн абдан ыраазыбыз. Биринчи балдар хосписи айыкпас дартка чалдыккан балдары бар үй-бүлөлөргө турмуштун кыйын кезеңинде жардамдашкан жалгыз уюм. Биз мүмкүн болушунча көбүрөөк муктаждыктагыларды камтууга аракеттенебиз, жана бардык жардам абдан керектүү жана маанилүү» – деп уюмдун өкүлү Ольга Труханова белгиледи.

Кайрымдуулук акциясына катышкандар: Руперт Реддинг-Джонс, Анара Доолотова, Мырзахат уулу Абас, Наталья Ткаченко,Тургун Токташ, Виктор Красоцкий, Анатолий Фомин.