Расмий билдирүү, 2013-жылдын 17-майы

Расмий билдирүү, 2013-жылдын 17-майы

Жарыяланган: 17 May 2013

16-майда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин пленардык жыйынында айрым депутаттар тарабынан айтылган бош тектин төгүндүлөрүнүн кыймылынын калдыктарды сактоочу жайга таасир этүү мүмкүнчүлүгүнө карата чочулоолоруна байланыштуу «Кумтөр Голд Компани» төгүндүлөрдүн кыймылы «Кумтөр» кен ишканасынын калдыктарды сактоочу жайына таасир эте албай тургандыгы жөнүндө дагы бир жолу билдирүүнү зарыл деп эсептейт.

2-майда «Кумтөр Голд Компани» айрым депутаттар билдиргендей, Давыдов мөңгүсүнүн өзүнүн эмес, мөңгүнүн этегиндеги төгүндүлөрдүн кыймылы жөнүндө расмий билдирүү тараткан. Ушуга байланыштуу, Кыргызстандын премьер-министринин тапшырмасы боюнча, төгүндүлөрдүн кыймылын изилдөө боюнча атайын комиссия түзүлгөн. Комиссияга министрликтер менен ведомстволордун, контролдоочу органдардын жана жарандык сектордун өкүлдөрү, көз карандысыз эксперттер, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаты киришкен. Кен ишканасына барып келишкенден кийин комиссиянын мүчөлөрү өз көз караштарын жана алдын ала тыянактарын билдиришкен. Пресс-конференцияда комиссиянын жетекчиси, Кыргыз Республикасынын Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директору Осмонбек Артыкбаев «Кумтөр» кен ишканасындагы төгүндүлөрдүн кыймылы калдыктарды сактоочу жайдын бузулушуна коркунуч түзбөйт» жана «акыркы мезгилде ММКларда пайда болгон мүмкүн болуучу бузулуулар жөнүндө имиштердин негизи жок» деп билдирген. «Мен кен ишканасындагы төгүндүлөрдүн кыймылы калдыктарды сактоочу жайдын бузулуусуна эч кандай коркунуч туудурбайт деп өтө так айта алам. Ал төгүндүлөрдөн алда канча алыс турат», – деп баса белгилеген О.Артыкбаев «Кабар» маалымат агенттигиндеги пресс-конференцияда. (http://www.vb.kg/227297).

Компаниянын жетекчилиги мурда да коомчулуктун көңүлүн калдыктарды сактоочу жайдын дамбасы жылып жаткан төгүндүлөрдөн алыс жайгашкандыгы жана алардын кыймылы дамбага эч кандай түрдө кандайдыр-бир таасир тийгизе албай тургандыгы фактысына бурган. (Компаниянын президенти М. Фишердин интервьюсу 2013-жылдын 15-майында «Вечерний Бишкек» жана «Алиби» гезиттеринде жарыяланган, ошондой эле «24.kg» маалымат агенттигинин сайтында жайгаштырылган).

Азыркы учурда компаниянын адистери 2013-жылга мурда бекитилген төгүндүлөрдүн түзүлүү планына өзгөрүүлөрдү киргизишүүдө, ал коопсуздуктун зарыл чараларын эске алуу менен өндүрүштүн пландаштырылган көлөмдөрүн аткарууну камсыз кылууга тийиш.