Бааларды сунуштоого суроо-талап

Бааларды сунуштоого суроо-талап

Жарыяланган: 04 May 2012

ТЕНДЕР ЖАБЫК

«Кумтөр Оперейтинг Компани» СE стандарттарына ылайык келүүчү батарейкаларды 2012-ж. аягына чейин берүүгө коммерциялык сунуштарды кабыл алуу жөнүндө жарыялайт.

Болжолдуу бир айлык керектөө:

АТАЛЫШЫ Саны
БАТАРЕЙКА, ӨЛЧӨМҮ ААА 1,5V AЛКАЛИН КОДАК ЖЕ ЭКВИВАЛЕНТИ 2200 ДААНА
БАТАРЕЙКА, ӨЛЧӨМҮ АА 1,5V AЛКАЛИН КОДАК ЖЕ ЭКВИВАЛЕНТИ 500 ДААНА
БАТАРЕЙКА, ӨЛЧӨМҮ D 1,5V AЛКАЛИН КОДАК ЖЕ ЭКВИВАЛЕНТИ 220 ДААНА
   

Кеңири коммерциялык сунуштар билдирме ээсинин расмий мөөрү менен чапталган А4 форматындагы конвертте «Жергиликтүү сатып алуулар боюнча жетекчи үчүн» белгиси менен 2012-жылдын 20-майына чейин кабыл алынат.

 

Коммерциялык сунуштар төмөнкүлөрдү камтышы, бирок алар менен чектелбеши керек:
– өзгөчөлүктөр менен ылайык келүүгө макулдукту камтыган коммерциялык сунушту;
– ишмердүүлүгүн, уюштуруучуларын жана иш тажрыйбасын көрсөтүү менен негизги жетекчилерин сүрөттөп жазылган билдирме ээси жөнүндөгү кыска маалыматты;
– билдирме ээсинин мамлекеттик каттоосун тастыктаган документтерди;
– баалар коммерциялык сунуштун аракети мөөнөтү аяктаганга – 31.12.2012-ж. чейин аныктыгын;
– продукция чыккан өлкө жана орду жөнүндө маалыматты;
– сапат жана ылайыктуулук сертификаттарын.

Сунуштар КОКтун төлөө боюнча процедураларын эске алууга тийиш, аларда товарды алгандан кийин 7 (жети) күндүк мөөнөттө төлөө каралган. Товарды КОКтун Бишкектеги складына жеткирүү.

КОК алынган ар бир коммерциялык сунушту кабыл алуу же толук бойдон четке кагуу укугун өзүнө калтырат. КОК эң төмөнкү бааны сунуш кылган билдирме ээсинен товарды сатып алуу милдеттенмесин албайт.

Кызыкдар тараптар бардык маселелер боюнча КОКтун Жабдуу бөлүмүнө төмөнкү факс: +996 312 592050 же электрондук почта: Kumtor_localbuyer@kumtor.com аркылуу кайрыла алышат.