«КУМТӨР» аккредиттелген диагностикалык борборлорду ЖЕР БЕТИНДЕГИ ТРАНСПОРТ КАРАЖАТТАРЫН ТЕХНИКАЛЫК КАРОО ЖҮРГҮЗҮҮ ҮЧҮН чакырат

«КУМТӨР» аккредиттелген диагностикалык борборлорду ЖЕР БЕТИНДЕГИ ТРАНСПОРТ КАРАЖАТТАРЫН ТЕХНИКАЛЫК КАРОО ЖҮРГҮЗҮҮ ҮЧҮН чакырат

Жарыяланган: 28 March 2014

ТЕНДЕР ЖАБЫК


Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл областынын Балыкчы шаарында жана Жети-Өгүз районунда Кумтөр кен ишканасында турушкан

Иштердин сүрөттөлүшү:


Адамдарды ташууну жүргүзгөн транспорт каражаттарын, коркунучтуу жүктөрдү ташууга катышкан жүк ташуучу транспортту, ошондой эле жеңил транспортту Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-ж. 3-майындагы №239 токтому менен бекитилген “Транспорт каражаттарын техникалык кароолорду жүргүзүү тартиби жөнүндө жобого” ыдайык көчмө техникалык кароо жүргүзүү.

Сунуштарда төмөнкү маалыматты чагылдыруу (минималдуу) зарыл:


– Көчмө ТК жүргүзүү тартибин;
-ТК жүргүзүү боюнча иштерге баалардын белгиленген тартипте бекитилген прейскурантын;
-«Кумтөр Голд Компанинин» техникалык каражаттарын Ысык-Көл областынын Балыкчы шаарындагы БӨБдө жана Жети-Өгүз районунда Кумтөр кен ишканасында көчмө ТК жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн;
– аккредитациялануу областын, уюмдун уюштуруучулары жана жетекчилери жөнүндө маалыматты.

ТК жүргүзүүнүн узактыгы – 2014-ж. 1 – 30-майы.

Чакырылуучу диагностикалык борборлордун иштердин сүрөттөлүшүндө көрсөтүлгөн транспорт каражаттарын ТКдан өткөрүү үчүн, Балыкчы шаарына жана деңиз деңгээлинен 3,7 миң метр бийиктикте жайгашкан Кумтөр кен ишканасына баруу үчүн тийиштүү мобилдүү жабдуусу жана кызматкерлери болууга тийиш.
«КГК» эң төмөн баа сунушун берген диагностикалык борбор менен келишим түзүү жөнүндө эч кандай милдеттенмелерди бербейт.

Суроолорду жана сунуштарды 2014-жылдын 11-апрелине чейин төмөнкү e-mail боюнча жөнөтүңүздөр: kumtor_localbuyer@kumtor.com