Жарыяланган: 10 September 2026
АРЫЗ БЕРҮҮ МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 18-сентябры, саат 12:00гө чейин (Бишкек убактысы боюнча).
«Кумтөр Голд Компани» ЖАК (мындан ары – КГК) сиздердин компанияңыздарды төмөнкүлөрдү жеткирүү үчүн баа сунуштарын тапшырууга чакырат:
| Бөлүнүүчү Лот | Аталышы | Саны | Өлчөө бирдиги |
| 1-лот | КОНДИЦИОНЕР SPLIT SYSTEM AIR 9 000 BTU или эквивалент | 4 | ДААНА |
| 2-лот | КОНДИЦИОНЕР SPLIT SYSTEM AIR 12 000 BTU или эквивалент | 4 | ДААНА |
| 3-лот | МОТОР В СБОРЕ, ДЛЯ СТИРАЛЬНОЙ МАШИНЫ АЛЬЯНС 202544 | 1 | ДААНА |
| 4-лот | ТЭН БОЙЛЕРА / ПАРОГЕНЕРАТОРА 0C5840, МОДЕЛЬ AOS101EBA2 | 2 | ДААНА |
| 5-лот | ТЭН ДЛЯ ПОСУДОМОЕЧНОЙ МАШИНЫ ХОБАРТ (IRCA 5237 838 R) TOP 167C.254V.6100W. 324637-3 | 10 | ДААНА |
Тапшыруу форматы: Коммерциялык сунуш (мындан ары – «КC») PDF форматында тапшырылып, келишим боюнча милдеттенмелерге кол коюуга укуктуу адам тарабынан кол коюлушу керек. Ошондой эле, КC ишкананын расмий фирмалык бланкында кол жана мөөр коюулуп даярдалышы керек.
Сунуштарды тапшыруу тартиби: Тандоо катышуучулары коммерциялык сунуштарды орус же кыргыз тилдеринде даярдап электрондук почта дарегине [email protected] 2026-жылдын 18-сентябрьнда саат 12:00гө чейин (Бишкек убактысы боюнча) жөнүтүшү керек.
Тандоого катышуу үчүн тапшырылган коммерциялык сунуш төмөнкү документтерди камтышы керек:
Кыргыз Республикасынын резиденттеринен түшкөн коммерциялык сунуштар Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында (KGS) берилиши керектигин эске алыңыз.
Жеткирүү дареги: Кыргызстан, Бишкек ш., Ибраимов к., 24/1
Коммерциялык сунуштарды баалоо критерийлери: Жеңүүчү болуп — сүрөттөмө, техникалык параметрлерге/тапшырмага (ТТ) жооп берген жана эң төмөн баа берген коммерциялык сунуш таанылат.
Өз сунушун тапшыруу менен катышуучу КГКнын талаптарында көрсөтүлгөн бардык шарттарга макул болот.
KГК сунуштарды кабыл алууга же четке кагууга укуктуу, ошондой эле келишим берилгенге чейин каалаган убакта тандоо процессин токтотууга укуктуу, тиешелүү КС тапшырган катышуучулардын алдында эч кандай милдеттенме албастан.
Катышуучулар тарабынан белгиленген мөөнөттөрдөн кийин тапшырылган коммерциялык сунуштар кабыл алынбайт жана каралбайт.
Ар бир тандоо катышуучусу бир гана коммерциялык сунуш бере алат. Сунуштарды тандоо учурунда коммерциялык сунушка өзгөртүүлөрдү киргизүүгө уруксат берилбейт. Бул тандоо боюнча бардык суроолорду электрондук почта аркылуу жөнөтүңүз: [email protected]. Тандоо шарттарын тактоо үчүн өтүнүчтөр сунушту тапшыруу мөөнөтүнө чейин 3 календардык күн мурун жөнөтүлүшү керек.