ЖАЙКЫ ПРАКТИКА ПРОГРАММАСЫ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОЖ СТУДЕНТТЕРИ ҮЧҮН

ЖАЙКЫ ПРАКТИКА ПРОГРАММАСЫ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОЖ СТУДЕНТТЕРИ ҮЧҮН

Жарыяланган: 01 June 2021

Жабык

“Кумтөр Голд Компани” ЖАКу 3 жана 4 курстардын студенттери арасынан ДЕН-СООЛУКТУ, ЭМГЕКТИ КОРГОО ЖАНА ӨНӨР ЖАЙ КООПСУЗДУГУ бөлүмүнө 2021-жылы жайкы практика өтүү үчүн тандоо жарыялайт.

Талаптар:

  • Кыргыз Республикасындагы ЖОЖдун “Эмгекти коргоо жана коопсуздукту сактоо” багыты боюнча 3 же 4-курсунун студенттери (5 жылдык окуунун 4-курстары) каралат;
  • Демилгелүүлүк жана жаӊы билимдерге умтулуу;
  • Аткаргычтык жана тартиптүүлүк;
  • Компьютерде жана MS Office программалында иштей билүү;
  • Тыкан болуу, команда менен иштей билүү;
  • Медициналык жактан бийик-тоолуу кен-жайда ишке жарамдуу болуп саналган чыӊ ден-соолукта болуу;

Милдеттер:

  • Ишкананын бөлүмдөрүндө эмгекти коргоо боюнча мыйзамдык жана башка ченемдик укуктук актылардын сакталышына контроль жүргүзүүгө катышуу.
  • Текшерүүлөрдү жүргүзүүгө, имараттардын, курулмалардын, жабдуулардын, машиналардын жана механизмдердин техникалык абалын текшерүүгө, желдетүү системаларынын натыйжалуулугун, санитардык-техникалык түзүлүштөрдүн абалын, санитардык-тиричилик жайлардын, жамааттык жана жеке коргонуу каражаттарын текшерүүгө катышуу, жана алардын эмгекти коргоо боюнча укуктук-ченемдик актылардын талаптарына ылайык келүүсүн аныктоо, жумушчулардын өмүрүнө жана ден-соолугуна коркунуч жараткан же аварияга алып келиши мүмкүн бузууларды аныктоо
  • Бекитилген формада эмгекти коргоо боюнча отчеттуулукту түзүүгө катышуу.

Практика шарттары:

  • Акы төлөнүүчү тажрыйба
  • Практика мөөнөтү – 2 ай
  • Практика өтүү жери – Кумтөр кени
  • Жумуш графиги -14/14

Тандоого катышуу үчүн:

  • Анкетаны толтуруп, окуу жайдан маалымкатты тиркөө керек. Анкетаны бул жерден алса болот.
  • Анкетаны жана документтерди 2021-ж 15-июнь саат 17:00 чейин Kumtor.Internship@kumtor.kg электрондук дарегине жөнөтүү керек.
  • Анкетаӊызды электрондук дарекке жөнөткөндө, каттын темасына сөзсүз түрдө «Жайкы практика программасы» деп көрсөтүү керек.

Маектешүүгө жана сынакка эӊ ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.