ЖАЙКЫ ПРАКТИКА ПРОГРАММАСЫ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОЖ СТУДЕНТТЕРИ ҮЧҮН

ЖАЙКЫ ПРАКТИКА ПРОГРАММАСЫ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОЖ СТУДЕНТТЕРИ ҮЧҮН

Жарыяланган: 01 June 2021

Жабык

“Кумтөр Голд Компани” ЖАКу 3 жана 4 курстардын студенттери арасынан МААЛЫМАТ ТЕХНОЛОГИЯЛАР бөлүмүнө 2021-жылы жайкы практика өтүү үчүн тандоо жарыялайт.

Талаптар:

  • Кыргыз Республикасындагы ЖОЖдун “Маалымат технологиялар” багыты боюнча 3 же 4-курсунун студенттери (5 жылдык окуунун 4-курстары) каралат;
  • ПКнын түзүлүшүн, түйүндүк технологиялардын негиздерин, кардардык ОСти билүү: MS Windows 10, MS Office 365, MS Teams, One Drive, SharePoin;
  • Англис тилин билүү (техникалык адабиятты окуй ала турган деӊгээлде);
  • Демилгелүүлүк жана жаӊы билимдерге умтулуу;
  • Аткаргычтык жана тартиптүүлүк;
  • Тыкан болуу, команда менен иштей билүү;
  • Медициналык жактан бийик-тоолуу кен-жайда ишке жарамдуу болуп саналган чыӊ ден-соолукта болуу;

Милдеттер:

  • MS Windows 10 Enterprise, MS Office 365 операциондук системалары жана башка программаларды орнотуу жана ырастоо боюнча жардам көрсөтүү;
  • Service Desk системасындагы кайрылуулар менен иштөө;
  • Мониторинг системалары көрсөткөн окуяларга жооп кайтаруу;
  • Типтүү кайрылууларды чечүү боюнча билим базасын даярдоого катышуу;
  • МТ-конфигурацияларынын маалымат базасын жүргүзүү;
  • Иш кагаздар менен иштөө.

Практика шарттары:

  • Акы төлөнүүчү тажрыйба
  • Практика мөөнөтү – 2 ай
  • Практика өтүү жери – Кумтөр кени
  • Жумуш графиги -14/14

Тандоого катышуу үчүн:

  • Анкетаны толтуруп, окуу жайдан маалымкатты тиркөө керек. Анкетаны бул жерден алса болот.
  • Анкетаны жана документтерди 2021-ж 15-июнь саат 17:00 чейин Kumtor.Internship@kumtor.kg электрондук дарегине жөнөтүү керек.
  • Анкетаӊызды электрондук дарекке жөнөткөндө, каттын темасына сөзсүз түрдө «Жайкы практика программасы» деп көрсөтүү керек.

Маектешүүгө жана сынакка эӊ ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.