ЖАЙКЫ ПРАКТИКА ПРОГРАММАСЫ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОЖ СТУДЕНТТЕРИ ҮЧҮН

ЖАЙКЫ ПРАКТИКА ПРОГРАММАСЫ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОЖ СТУДЕНТТЕРИ ҮЧҮН

Жарыяланган: 01 June 2021

Жабык

“Кумтөр Голд Компани” ЖАКу 3 жана 4 курстардын студенттери арасынан ИНЖЕНЕРДИК-ГЕОЛОГИЯЛЫК бөлүмүнө 2021-жылы жайкы практика өтүү үчүн тандоо жарыялайт.

Талаптар:

  • Кыргыз Республикасындагы ЖОЖдун “Маркшейдердик иш”, “Ачык тоо-кен иштери”, “Жер алдындагы кендерди иштетүү”, “Тоо өндүрүшүнүн физикалык процесстери” багыттары боюнча 3 же 4-курсунун студенттери (5 жылдык окуунун 4-курстары) каралат:
  • Демилгелүүлүк жана жаӊы билимдерге умтулуу;
  • Аткаргычтык жана тартиптүүлүк;
  • Компьютерде жана MS Office, AutoCAD программалында иштей билүү;
  • Тыкан болуу, команда менен иштей билүү;
  • Медициналык жактан бийик-тоолуу кен-жайда ишке жарамдуу болуп саналган чыӊ ден-соолукта болуу;

Милдеттер:

  • Геодезиялык приборлорду изилдөө, аспаптарды жана аларды колдонууну үйрөнүү жана өздөштүрүү;
  • Геодезиялык аспаптарды пайдаланып коопсуз маркшейдердик съемка жасоо жана картадан чыгаруу;
  • Туура жыйынтыктарды алуу үчүн шлам пробаларын алуу методикасын изилдөө;
  • Карьердин бооруна байкоо чекиттерин орнотуу жана маалымат алуу, пъезометрлерди, термисторлорду, инклинометрлерди орнотуу жана маалымат алуу боюнча нускамаларга ылайык жумуштарды коопсуз аткаруу;
  • Калдыктар чарба объекттилерине коюлган талаптарды өздөштүрүү;
  • Жардыруу ишинин жалпы түшүнүктөрү менен таанышуу. Кендердин физикалык-механикалык касиеттери жана БЖИ параметрлеринин жардыруунун сапатына таасири.

Практика шарттары:

  • Акы төлөнүүчү тажрыйба
  • Практика мөөнөтү – 2 ай
  • Практика өтүү жери – Кумтөр кени
  • Жумуш графиги -14/14

Тандоого катышуу үчүн:

  • Анкетаны толтуруп, окуу жайдан маалымкатты тиркөө керек. Анкетаны бул жерден алса болот.
  • Анкетаны жана документтерди 2021-ж 15-июнь саат 17:00 чейин Kumtor.Internship@kumtor.kg электрондук дарегине жөнөтүү керек.
  • Анкетаӊызды электрондук дарекке жөнөткөндө, каттын темасына сөзсүз түрдө «Жайкы практика программасы» деп көрсөтүү керек.

Маектешүүгө жана сынакка эӊ ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.