“Кумтөр Голд Компани” жогорку окуу жай студенттери үчүн жылдагы жайкы такшалма практика программасын 2021-жылга ачык деп жарыялайт

“Кумтөр Голд Компани” жогорку окуу жай студенттери үчүн жылдагы жайкы такшалма практика программасын 2021-жылга ачык деп жарыялайт

Жарыяланган: 27 May 2021

Жайкы такшалма программасы ЖОЖ студенттерине практикалык иш тажрыйба алуу мүмкүндүгүн берүү максатында түзүлгөн, ошону менен бирге Компания менен Кыргыз Республикасын кесиптик-техникалык жана лидерлик көндүмдөргө ээ кадрлар резерви менен камсыздоо максатында таланттарды аныктоо жана өнүктүрүү үчүн иштелип чыккан. Программа 15 жылдан ашык натыйжалуу ишке ашырылган долбоорлордун бири болуп саналат.

«Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын жылдык жайкы такшалма программасы Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын үчүнчү жана төртүнчү курстарынын студенттери үчүн каралган.

Программанын катышуучулары сынактык негизде тандалып алынат. Жайкы практика 3 айга созулат – июнь айынан августка чейин, практика иши үчүн акы төлөнөт.  Өндүрүштүк муктаждыкка карата Компания ар кандай багыттагы студенттерди тандап алат. Катышуучуларды тандоо үч этапта жүргүзүлөт: берилген арыздарды алдын ала кароо, тестирлөө жана маектешүү.

Программага катышууга арыздарды кабыл алуу тууралуу кеңири маалымат 2021-жылдын июнь айынын башында компаниянын корпоративдик вебсайтында жарыяланат.

«Кумтөр Голд Компани» ЖАК жаштарды колдоо программаларына көңүл бөлөт, аларга өз билимдерин, алдыңкы катардагы технологияларды жана атайын көндүмдөрдү колдонуп баалуу эл аралык тажрыйба алуу үчүн жагымдуу шарттарды түзөт жана  жогорку окуу жайды бүткөндөн кийин студенттерди академиялык жана ошондой эле кызматтык ийгиликтерди аркалоого даярдайт.