Академик Асаналиев атындагы тоо-кен иштери жана тоо-кен технологиялары институнун студенттери Кумтөр кенинде болушту

Академик Асаналиев атындагы тоо-кен иштери жана тоо-кен технологиялары институнун студенттери Кумтөр кенинде болушту

Жарыяланган: 08 July 2015

Өткөн дем алышта У.Асаналиев атындагы Тоо-кен иштери жана тоо-кен технологиялары институнун Өндүрүштүк коопсуздук кафедрасындагы “Технологиялык коопсуздук жана тоодого куткаруу иштери” жана “Тоо-кен өндүрүштүк экология” бөлүмдөрүнүн окутуучулары менен 2-3 курстагы студенттери Кумтөр кенинде таанышуу экскурсиясында болушту.

Сапардын жүрүшүндө студенттер карьерде, алтын ылгоочу фабрикада, жаңы турак-жай лагеринде, Петров көлүндө жана тазалоочу жайларда болушту. Ар бир жерде компаниянын өкүлдөрү өндүрүш процееси тууралуу айтып берип, студенттер менен окутуучуларды кызыктырган суроолорго жооп беришти.

«Биз, окутуучулар үчүн иштеги өндүрүш жайлардагы акыркы жаңылыктардан маалым болуу абдан маанилүү. «Кумтөрдөгү» өндүрүштүк коопсуздуктун сакталышын, өндүрүштүн жүрүшү менен жеринен таанышуу – билим берүү ишибиз үчүн абдан кызыктуу жана пайдалуу болду» – деп, Өндүрүштүк коопсуздук кафедрасынын башкы окутуучусу Зулфия Жумашева белгиледи.

«Сабак учурунда «Кумтөрдөгү» өндүрүштүк коопсуздуктун сакталышын дайыма мисал келтиришет. Бирок өз көзүң менен көрмөйүн элестетиш кыйын. Кыргыз Республикасынын аймагындагы эң ири алтын өндүрүүчү жайдагы иштин жүрүшүн келип келип, жеринен таанышып кетүү мүмкүнчүлүгүнө абдан кубанычтамын. Анткени биздин “Технологиялык коопсуздук жана тоодого куткаруу иштери” адистигибиз тоо-кен компанияларына түздөн-түз тиешелүү» – деп тоо-кен метоллургиялык факультеттин студенти Самат Шабданов пикирин бөлүштү.