КОНТРАКТТАРДЫ ТЕСКӨӨЧҮ АДИС (Бишкек офиси)

КОНТРАКТТАРДЫ ТЕСКӨӨЧҮ АДИС (Бишкек офиси)

Жарыяланган: 16 November 2021

Жабык

“Кумтөр Голд Компани” ЖАК

төмөнкү бош кызмат орду жөнүндө жарыялайт

Контракттарды тескөөчү адис (Бишкек офиси)

Билдирүүнүн номери: KGC-21-0255

КЫЗМАТТЫК МИЛДЕТТЕРИ: 

  • Техникалык тапшырманы иштеп чыгуу;
  • Келишимдердин долбоорлорун даярдоо;
  • Документтердин юридикалык экспертизасы;
  • Келишимдердин шарттарын түзүү жана аткарылышын контролдоо;
  • Контракттын негизги шарттарынын өзгөрүүлөрүн контролдоо.

МИНИМАЛДУУ ТАЛАПТАР:

  • Жогорку юридикалык билим;
  • Кошумча инженердик билимдин болушу артыкчылыктуу болуп саналат;
  • Эл аралык долбоорлордо иш тажрыйба 6 жылдан кем эмес;
  • Келишимдерди администрациялоо тажрыйбасы 5 жылдан кем эмес;
  • Open book, FIDIC, PMBOK негиздерин билүү;
  • Диаграммаларды жана чиймелер менен иштегенди билүү;
  • Сметаларды жана спецификацияларды окуй билүү;
  • Англис тилин орто деңгээлден жогору билүү (upper intermediate).
  • Көп көлөмдүү маалымат менен, жана ошондой эле көп тапшырмалуу режимде иштей билүү;
  • Сабаттуу сүйлөө, конструктивдүү диалог түзө билүү.

Анкета жана резюмени 2021-жыл 30-ноябрь саат 16.00 кеч эмес HR@kumtor.kg электрондук дарегине жиберүү керек.

Анкетаны бул шилтеме менен өтүп алса болот.

Анкетада жана электрондук каттын темасына билдирүүнүн номерин көрсөтүү керек: КGC-21-0255.

ЭСКЕРТҮҮ! ТЕМАСЫНДА БИЛДИРҮҮ НОМЕРИ КӨРСӨТҮЛБӨГӨН КАТТАР КАРАЛБАЙТ.

МАЕКТЕШҮҮГӨ ЭҢ ЫЛАЙЫКТУУ ТАЛАПКЕРЛЕР ГАНА ЧАКЫРЫЛАТ.