«Кумтөр Оперейтинг Компанинин» кызматкерлери адамды сактап калышты

«Кумтөр Оперейтинг Компанинин» кызматкерлери адамды сактап калышты

Жарыяланган: 09 March 2012

«Кумтөр Оперейтинг Компанинин» кызматкерлери адамды сактап калыштыЫсык-Көл областынын Жети-Өгүз районунун жашоочусу Тынчтыкбек Дүйшөбаевди сактоо боюнча операция 18 саатка созулду.

29-февраль күнү кечинде Өзгөчө кырдаалдар министрлиги «Кумтөр» компаниясына бутунан травма алып, квалификациялуу врачтык жардамысыз каза болуп калуусу мүмкүн болгон Тынчтыкбек Дүйшөбаевди ооруканага жаткызууга көмөктөшүү өтүнүчү менен кайрылган.

Жабырлануучуну транспорт менен алып келүү ал турган жерге жетүүнүн кыйынчылыгы менен шартталган. Оорулуу жаткан кашар бийик тоодо, жолсуз жерде болчу.

1-март күнү саат 6да кен ишканасынын администрациясы тарабынан атайын куткаруучу экспедиция уюштурулуп, подряддык уюм «Кросс-Инк» УАЗ жана КОКтун геологиялык чалгындоо бөлүмү Toyota LandСruiser автомобилдерин бөлүштү. Жердин өзгөчөлүктөрүнөн улам Toyota гана жабырлануучуга жете алды. Тынчтыкбекти алуу менен топ толук курамда кен ишканасына түнкү саат 12де кайрылып келди, ал жерден медпункттун кызматкерлери тарабынан жабырлануучуга жардам көрсөтүлгөн жана андан кийинки ооруканага коопсуз жеткирилүү камсыз кылынган.

6-мартта «Кумтөр» компаниясы Жети-Өгүз районунун башчысы Ж.Дүйшөмбиевден кат алды, анда аким областтын оорулуу жашоочусунун өмүрүн сактап калууда көрсөткөн жардамы үчүн компанияга ыраазычылык билдирген.

Бул «Кумтөр Оперейтинг Компанинин» сактоочулары өзгөчө кырдаалдарга туш келишкен жергиликтүү жашоочуларга жардам көрсөтүшкөн биринчи учур эмес.