Ысык-Көл облусунда кайра пайдалануучу сырье кабыл алган алты пункт ишке кирет

Ысык-Көл облусунда кайра пайдалануучу сырье кабыл алган алты пункт ишке кирет

Жарыяланган: 29 June 2016

Өткөн апта Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылында пландалган катуу тиричилик калдыктарын (КТК) кабыл алуучу алты пунктунун биринчиси ачылды. Иш-чара «Жашыл чекит» долбоорунун алкагында «Жашыл Билик» коомдук фонду тарабынан жүзөгө ашырылып, «Кумтөр Голд Компанинин» каржылык колдоосу менен өткөрүлдү.

Долбоор «жашыл экономиканы» жайылтууга жана КТК сорттоп чогултууну жайылтууга багытталган. Долбоор туруктуу 25 иш орунду камсыздап, пунктулардын ишин тынымсыз жүргүзүү үчүн жайкысын дагы 200дөй жаштарды тартары күтүлүүдө. Долбоордун жүрүшүндө ишембиликтер, рекреациялык зоналарды көрктөндүрүү, анын ичинде айрым райондордогу көлдүн түбүн тазалоо сыяктуу он чакты экологиялык иш-чаралар пландалган.

Долбоор курчап турган чөйрөнү коргоого гана багытталбастан, ал социалдык ишкерчиликти өнүктүрөт. Атап айтканда, кайра пайдалануучу сырьену өткөрүү менен көлдүктөр кошумча кирешеге ээ болушат. Долбоордун алгачкы этабында активисттер желим, айнек жана кагаздарды кабыл ала башташат.

Долбоордун жүрүшүндө жергиликтүү кесиптик лицейлердин негизинде КТК чогултуу үчүн челектерди чыгаруучу, велосипед турактарын даярдоочу устакана, ошондой эле экобаштык жана кагаз пакеттерди даярдоочу үч цех ишке киргизилет. Экологиялык долбоор күңгөйдү да, тескейди да кучагына алып, кабыл алуу пукнтулары Бөкөнбаев, Кажы-Сай, Балыкчы, Чолпон -Ата жана Караколдо орнотулат. Эки жылдык долбоорду жүзөгө ашырууга «Кумтөр» компаниясынын салымы дээрлик 8 млн сомду түзөт.

«Биз таштанды менен күрөшүү үчүн чакан, бирок ишенимдүү кадам шилтедик. Айнек сыяктуу калдыктар эң кеминде 100 ал эми эң көбү 400 жылда барып жок болорун түшүнүүбүз кажет. Өзгөчө биз күнүгө колдогон желим баштыктар кооптуу. Алар кылымдар бою жок болбой, климаттын өзгөрүүсүнө түртүшү же адамдын саламаттыгына терс таасирин тийгизүүсү мүмкүн. Адам тарабынан жасалган бир дагы желим буюм табигый жол менен жок болуп кеткен эмес. Эгер биз калдыктарды сорттоп чогултууну киргизсек, кайра пайдалануучу сырьену иштете баштайбыз жана аны кайрадан колдонсок бул чоң жетишкендик болот. Калдыктарды бөлүштүрүп чогултуу принцибин өнүктүрүүгө кайдыгер карабаган бардык жарандарды өз салымын кошууга чакырам»,-деп билдирет «Жашыл чекит» долбоорунун координатору Дмитрий Андреев.

«Биздин компания үчүн калдыктарды жөндөө башкы ролду ойнойт. Андыктан калдыктардын 90%ын кайра иштетүү менен экинчи жолу пайдаланган биздин ишканадан сырткары да ресурстарга аяр мамиле жасоо идеясын жайылтууну биз да каалайбыз. Биздин социалдык инвестициялардын артыкчылык берген багыттарынын бири экологиялык демилгелер болгондуктан, Ысык-Көл облусунда калдыктарды бөлүп чогултууну кеңири жайылтуу үчүн биз «Жашыл чекит» долбоорун кубануу менен колдодук»,-деп билдирди «Кумтөр Голд Компанинин» туруктуу өнүктүрүү боюнча директору Актилек Тунгатаров.