Жарыяланган: 24 June 2026
ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 2-июлу, саат 14:00 (Бишкек убактысы боюнча).
«Кумтөр Голд Компани» ЖАК «Сантехник» кызматын сервис-контракт шарттарында көрсөтүү үчүн чектөөсүз катышуу менен эки пакеттүү конкурска катышууга чакырат.
| Тапшыруу форматы: | Табыштама жана документтер катышуучу тарабынан кол коюлуп, PDF форматында берилүүгө тийиш. |
| Сунуштарды берүү тартиби
|
Конкурстун катышуучулары конкурстук табыштаманы кыргыз тилинде даярдап, электрондук түрдө төмөнкү дарекке жөнөтүүгө тийиш: santehnik2@kumtor.kg 2026-жылдын 2-июлу, Бишкек убактысы боюнча саат 14:00гө чейин.
Табыштама эки өзүнчө файл (пакет) түрүндө жөнөтүлөт:
Биринчи пакет катышуучунун конкурстук документтердин жана Техникалык тапшырманын талаптарына шайкештигин тастыктаган документтерди камтууга тийиш. Биринчи пакеттин документтери ачык түрдө (архивделинбей жана сырсөзсүз) жөнөтүлөт.
Экинчи пакет, анда коммерциялык сунуш камтылат, төмөнкүдөй болушу керек:
Экинчи пакет камтылган архив биринчи пакет менен бир убакта жөнөтүлөт, бирок архивдин сырсөзү Буйрутмачынын суроо-талабы боюнча гана конкурстун биринчи этабынан ийгиликтүү өткөн катышуучуларга берилет. Конкурстун биринчи этабы аяктаганга жана катышуучуларды өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алынганга чейин экинчи пакет ачылбайт жана сырсөз ачыкка чыгарылбайт. Электрондук каттын темасында төмөнкүлөрдү көрсөтүү сунушталат: Белгиленген тартип бузулуп берилген же эки пакетти тең камтыбаган конкурстук табыштамалар четке кагылышы мүмкүн. |
| Маанилүү!!! | Эгер тиркемелердин көлөмү 25 МБдан ашса, конкурстук табыштаманы бөлүктөргө бөлүп, каттын темасында төмөнкүлөрдү көрсөтүү зарыл:
1. «Сунуш (катышуучунун аталышы)» 1-бөлүк. 2. «Сунуш (катышуучунун аталышы)» 2-бөлүк ж.б. Булут сактагычтан документтерди жүктөө шилтемелеринин колдонуу мөөнөтү чектелүү болгондуктан, документтерди булут сактагычка жүктөө аркылуу жөнөтүү сунушталбайт. |
| Катышуу үчүн табыштама төмөнкү документтерди камтууга тийиш: | 1. Толтурулган №1 тиркеме (Ак ниеттүүлүк декларациясы жана коррупцияга каршы эскертме).
2. Толтурулган №2 тиркеме (Конкурстук табыштаманы кепилдеген декларация). 3. Толтурулган №3 тиркеме (Катышуучунун анкетасы). Кызматты сөзсүз көрсөтүү керек: «Сантехник». 4. Толтурулган №4 тиркеме (Конкурстук табыштама). 5. ID-картанын сканерленген көчүрмөсү. 6. Бар болсо жеке ишкердин күбөлүгү — документтин сканы же жеке ишкер катары милдеттүү каттоодон өтүү же патент алуу жөнүндө кепилдик кат. 7. Салык органдарынан карызы жоктугу жөнүндө маалымкат. 8. Соттолбогондугу жөнүндө маалымкат (актуалдуу). 9. Адистиги боюнча күбөлүк / диплом / сертификат. 10. Квалификациясын тастыктаган сертификаттар жана башка документтер (бар болсо). 11) Техникалык тапшырмада каралган башка документтер. |
| Баалоо критерийлери: | Конкурстук табыштамаларды баалоо төмөнкүлөрдү эске алуу менен жүргүзүлөт:
|
| Буйрутмачы кандайдыр бир же бардык сунуштарды кабыл алууга же четке кагууга, ошондой эле келишим ыйгарылганга чейин каалаган убакта тандоо процессин жокко чыгарууга укуктуу жана мында катышуучулардын алдында милдеттенме тартпайт. | |
| Конкурстун катышуучулары тарабынан көрсөтүлгөн мөөнөттөрдөн кийин берилген конкурстук сунуштар кабыл алынбайт жана каралбайт.
Өз сунушун берүү менен Катышуучу Компаниянын талаптарында көрсөтүлгөн бардык шарттарга макулдугун билдирет. Тандоонун ар бир катышуучусу бир гана конкурстук сунуш бере алат. Конкурстук сунуштун колдонуу мөөнөтү кеминде 60 календардык күн болууга тийиш. Конкурстук сунуштун колдонуу мөөнөтү ичинде конкурстук сунуштарга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жол берилбейт. |
|
| МААНИЛҮҮ (ДОКУМЕНТТЕРДИ КОНВЕРТТЕРДЕ БЕРҮҮДӨ)
Аткаруучу документтерди төмөнкү түрдө бере алат:
Ар бир конвертте сөзсүз түрдө төмөнкүлөр көрсөтүлүшү керек: катышуучунун аты-жөнү, берилген күнү жана кызматтын аталышы. Аты-жөнү жана кызматы көрсөтүлбөгөн каттар жана конверттер каралбайт. КОНВЕРТТЕРДИ КАБЫЛ АЛУУ ПУНКТУ (Бишкек ш.) 720031, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Ибраимов көч., 24/1. КГК Буйрутмачыдан көз каранды болбогон себептерден улам келип чыккан кечигүүлөр үчүн жоопкерчилик тартпайт. |
|