Жарыяланган: 10 June 2026
ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 25-июну, саат 15:00 (Бишкек убактысы боюнча).
«Кумтөр Голд Компани» ЖАК «универсал жумушчунун кызматын көрсөтүү» боюнча (сервис-келишим шарттарында) катышууга чектөөсү жок эки пакеттүү конкурска катышууга чакырат.
| Тапшыруу форматы: | Катышуу үчүн табыштамага жана башка документтерге, табыштамага кол коюуга жана келишим боюнча милдеттенмелерди өзүнө алууга ыйгарым укуктуу адам кол коюшу керек. Документтер мөөр басылып, PDF форматында берилиши керек. |
| Сунуштарды тапшыруу тартиби | Конкурстун катышуучулары конкурстун талаптарына ылайык орус тилинде катышуу үчүн табыштаманы даярдап, талап кылынган документтердин көчүрмөлөрүн тиркеп, электрондук түрдө universal2026@kumtor.kg электрондук дарегине 2026-жылдын 25-июну (Бишкек убактысы боюнча) саат 15:00гө чейин жөнөтүү керек.
Ушул конкурстук документке техникалык тапшырма тиркелген. |
| Маанилүү!!! | Каттын (сунуштун) көлөмү 25 МБдан ашпашы керек.
Эгер тиркемелердин көлөмү 25 МБдан ашса, анда конкурстук табыштаманы бөлүктөргө бөлүп, каттын темасында төмөнкүчө көрсөтүү зарыл: 1. «Сунуштар (катышуучунун аталышы)» 1-бөлүк. 2. «Сунуштар (катышуучунун аталышы)» 2-бөлүк, жана андан ары. Документтерди жүктөө үчүн булут сактагычтарга шилтемелердин мөөнөтү чектелүү болгондуктан, документтерди булуттагы сактагычтар аркылуу жөнөтүү сунушталбайт. Сунуштарды баалоо 2 баскычта жүргүзүлөт: 1-баскыч — катышуучунун квалификациялык маалыматтарын баалоо; |
| Конкурска катышуу үчүн табыштама төмөнкү документтерди камтышы керек: | 1) Акниеттүүлүк декларациясы жана коррупцияга каршы эскертме;
2) Катышуучу тарабынан толтурулган конкурстук документацияга карата тиркемелер; 3) Жеке ишкер катары мамлекеттик каттоодон өткөндүгү тууралуу күбөлүк / патент — адамдын жеке ишкер катары катталганын тастыктайт же жеке ишкер катары катталуу же патент алуу боюнча кепилдик кат; 4) Паспорттун (ID-картанын) көчүрмөсү же инсандыгын тастыктаган башка документ — жеке жакты идентификациялоо үчүн; 5) Иш тажрыйбасын тастыктаган документтер же эмгек китепчесинин көчүрмөсү (бар болсо жана талап кылынган учурда); 6) Банк реквизиттери — келишим боюнча төлөмдөрдү которуу үчүн (бар болсо); 7) Квалификацияны тастыктаган сертификаттардын, дипломдордун көчүрмөлөрү (бар болсо); 8) Соттолбогондугу тууралуу маалымкат; 9) МСКБдан карызы жоктугу тууралуу маалымкат; 10) Техникалык тапшырмада каралган башка документтер. |
| Баалоо критерийлери: | Тандоодон өткөн деп саналган сунуш – бардык талаптарга жооп берген жана талап кылынган документтердин толук топтомун тапшырган сунуш болуп эсептелет. |
| «Универсал» темасындагы сунуштарды universal2026@kumtor.kg электрондук дарегине 2026-жылдын 25-июну, (Бишкек убактысы боюнча) саат 15:00гө чейин жөнөтүү керек. | |
| Буйрутмачы келишимди ыйгаруу алдында каалаган же бардык сунуштарды кабыл алууга же
четке кагууга, ошондой эле тандоо процессин каалаган убакта токтотууга укуктуу жана бул үчүн катышуучулар алдында эч кандай милдеттенмелерди албайт. |
|
| Конкурстук сунушка кол коюлушу керек. | |
| Катышуучулар тарабынан көрсөтүлгөн мөөнөттөн кеч тапшырылган конкурс сунуштары кабыл алынбайт жана каралбайт.
Сунушун тапшыруу менен Катышуучу Компаниянын талаптарында көрсөтүлгөн бардык шарттарга макулдугун билдирет. Ар бир Катышуучу бир гана конкурс сунушун тапшыра алат. Конкурстук сунуштун мөөнөтү кеминде 60 календардык күн болушу керек. Конкурстук сунуштун жарактуулук мөөнөтү ичинде сунуштарга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жол берилбейт. |
|
| Бул конкурс боюнча бардык суроолор Asel.Abdyldaeva@kumtor.kg электрондук дарегине жөнөтүлүшү керек. | |
| Тандоонун шарттарын тактоо боюнча суроолор сунуштарды тапшыруунун акыркы мөөнөтүнөн 3 календардык күн мурун жөнөтүлүшү керек. | |
ТЕХНИКАЛЫК ТАПШЫРМА
«Кумтөр Голд Компани» ЖАК үчүн сервис-келишимдин негизинде универсал жумушчуну тартуу боюнча
| № | Сатып алынуучу кызматтардын талап параметрлери | Конкретүү талаптар |
| 1 | Буйрутмачы | Администрация офиса г. Бишкек
Бишкек шаарынын кеңсесинин администрациясы |
| 2
|
Кызматтын аталышы | Универсал жумушчу |
| 2 | Кызмат көрсөтүү жери | Бишкек шаары, Ибраимов көч., 24/1 |
| 3 | Кызмат көрсөтүү мөөнөтү | Келишимге кол коюлган учурдан тартып 2026-жылдын 31-декабрына чейин |
| 4 | Ишти аткаруунун тартиби | Күн сайын, дүйшөмбүдөн жумага чейин саат 08:00дөн 17:00гө чейин (8 жумуш сааты, 1 саат түшкү тыныгуу) |
| 5 | Кесиптик компетенциялар | · Курулуш жана оңдоо иштеринде практикалык тажрыйбага ээ болуу (кенен профилдеги уста);
· Сантехникалык жана башка жасалгалоо иштеринин көндүмдөрүнө ээ болуу; · Аныкталган бузуулар жана жабдуулардын бузулуусу тууралуу жетекчиликке ыкчам маалымдоо; · Штукатурлоо, шпатлевкалоо, боёо, плитка төшөө жана гипсокартон орнотуу ыкмаларын билүү керек; · Курулуш материалдарын, алардын касиеттерин жана колдонуу эрежелерин билүү керек; · Керамикалык плитка менен каптоо иштерин аткаруу көндүмдөрүнө ээ болуу; · Эмгекти коргоо нормаларын, коопсуздук техникасын жана өрт коопсуздугу талаптарын сактоо; · Сервис-келишим боюнча иш алып барган кызматкер өзүнүн түздөн түз жетекчисинин (жалдоочунун) кызматтык милдеттеринин чегинде берилген тапшырмаларын аткарууга милдеттүү жана алар кеңсе имараттарынын жана иш процессинин талаптагыдай иштешин камсыз кылышы керек; · Негизги милдеттерден тышкары, кызматкер жалдоочунун тапшырмасы боюнча келишим шарттарына жана кызматкердин квалификациясына каршы келбеген башка иштерге тартылышы мүмкүн. Бардык тапшырмалар өз убагында жана сапаттуу аткарылышы керек. |
| 6 | Сапатка карата талаптар | · Техникалык тапшырмага ылайык тапшырылган иштерди ак ниеттүүлүк менен аткаруу;
· Тапшырмаларды аткарууда белгиленген нормаларды, сапат стандарттарын жана технологиялык процесстерди сактоо; · Орнотуу, оңдоо жана тейлөө иштерин жайдын жасалгасын бузбастан, тыкан жүргүзүү жана жумуш ордун тартипке келтирүү; · Орнотулган конструкциялар, жабдуулар жана материалдар ишке жарактуу, бекем бекитилген, кемчилдиги жок болушу керек (агып кетүү, кырылдоо, боштук, учкундануу ж.б.); · Иш аяктагандан кийин жумуш орду таштандылардан, материал калдыктарынан, таңгактардан жана шаймандардан тазаланышы керек; · Жашыруун кемчиликтерге жана толук аткарылбаган иштерге жол берилбейт. Бардык бириктирүүлөр, бекитүүлөр ишенимдүү жана тейлөөгө жеткиликтүү болушу керек; · Эскертүүлөр аныкталган учурда адис аларды кыска мөөнөттө жоюуга милдеттүү; · Иш учурунда коопсуздук чараларын сактоо, Буйрутмачынын мүлкүнө этият мамиле кылуу жана зыян келтирбөө |
| 7 | Квалификация талаптары | Кесиптик даярдыгынын болушу (жалпы орто-атайын билим);
Кол жана электр шаймандарын колдонгонду билүү керек; Кеминде 2 жылдык иш тажрыйбасы болушу керек; |
| 8 | Төлөм шарттары | Кызмат көрсөтүүнүн наркы иш жүзүндө иштелген сааттардын негизинде эсептелинет. |
| 9 | Тапшыруу жана кабыл алуу тартиби | Аткарылган иштердин актылары ай сайын түзүлүшү керек. |
| 10 | Кепилдик милдеттенмелер | Аткаруучу ушул техникалык тапшырмада каралган бардык иштердин талаптагыдай сапатта жана өз убагында аткарылышына сервис-келишимдин шарттарына жана колдонуудагы мыйзамдарга ылайык кепилдик берет. |