ЭКОЛОГИЯ БОЮНЧА УЛУК АДИС

ЭКОЛОГИЯ БОЮНЧА УЛУК АДИС

Жарыяланган: 30 November 2022

“Кумтөр Голд Компани” ЖАК төмөнкү бош кызмат орду жөнүндө жарыялайт

Экология боюнча улук адис 

Билдирүүнүн номери: KGC-22-271

КЫЗМАТТЫК МИЛДЕТТЕРИ: 

  • Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында айлана-чөйрөнү коргоо жаатында талап кылынган бардык лицензияларды, уруксаттарды жана макулдашууларды өз убагында алууну камсыз кылуу;
  • Айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы бардык лицензиялардын, уруксаттардын жана макулдашуулардын жарактуулугуна мониторинг жүргүзүү;
  • Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдарынан кен участокторун өздөштүрүү долбоорлоруна жана «Кумтөр» кени менен БӨБ объектилеринин долбоорлоруна эксперттик корутундуларды алууга жана макулдашууларга катышуу;
  • Долбоорлорго экологиялык коштоо (колдоо) көрсөтүүнү ишке ашыруу;
  • Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык өндүрүш жана керектөө калдыктарын утилдештирүү саясатын иштеп чыгууга катышуу;
  • Кумтөр кенинде жайгашкан иондоштуруучу нурлануунун булактары боюнча айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы мамлекеттик жөнгө салуу маселелери тууралуу КГКнын тиешелүү бөлүмдөрү менен өз ара аракеттенүүнү координациялоо;
  • Рекультивациондук чараларды иштеп чыгууга катышуу;
  • Биргелешип маалымат чогултуу жана долбоордук уюмдарга жол берилген чектеги чыгаруулар (ЖЧЧ), чыгаруулардын жол берилген чектери (ЧЖБЧ) жана калдыктардын пайда болуусунун ченемдери(КПЧ) боюнча нормативдер долбоорлорун жана объектилердин экологиялык паспортторун иштеп чыгуу үчүн баштапкы маалыматтарды берүү;
  • Айлана-чөйрөнү коргоо тармагындагы мыйзамдардын бузулушуна байланыштуу компания кызматкерлеринин талап-арыздарын жана сунуштарын кароонун жыйынтыктарын талдоого катышуу. 

МИНИМАЛДЫК ТАЛАПТАР:

  • «Айлана-чөйрөнү коргоо», «экология», «жаратылышты пайдалануу», «экологиялык менеджмент» багыттары боюнча жогорку билим;
  • Айлана-чөйрөнү коргоо тармагында 3 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы;
  • Кыргыз Республикасынын жаратылышты коргоо мыйзамдарын билүү
  • Кыргыз Республикасынын өнөр жай коопсуздугу жаатындагы мыйзамдарын билүү;
  • Эмгек, жарандык мыйзамдарынын негиздерин билүү;
  • Документтер менен иштөө тажрыйбасы: айлана-чөйрөнү коргоо жаатында долбоорлоо иштерине техникалык тапшырмаларды даярдоо;
  • Айлана-чөйрөнү коргоо тармагында долбоордук документтерди даярдоо тажрыйбасы;
  • Айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүү тажрыйбасы;
  • Ишкердик кат алмашуу жана иш кагаздарын жүргүзүү боюнча жогорку деңгээлде даярдыгы болуу;
  • MS Office (Word, Excel, Power Point) программасын колдонуу боюнча тажрыйбасы болуу.

Анкета жана резюмени 2022-жыл 13-декабрь саат 16.00 кеч эмес HR@kumtor.kg электрондук дарегине жиберүү керек.

Анкетаны бул шилтеме менен өтүп алса болот: (https://www.kumtor.kg/wp-content/uploads/2021/06/anketa-kandidata-na-rabotu_may-2021.pdf)

Анкетада жана электрондук каттын темасына билдирүүнүн номерин көрсөтүү керек: КGC-22-271.

ЭСКЕРТҮҮ! ТЕМАСЫНДА БИЛДИРҮҮ НОМЕРИ КӨРСӨТҮЛБӨГӨН КАТТАР КАРАЛБАЙТ.

МАЕКТЕШҮҮГӨ ЭҢ ЫЛАЙЫКТУУ ТАЛАПКЕРЛЕР ГАНА ЧАКЫРЫЛАТ.