КУРУЛУШ БОЮНЧА УЛУК МАСТЕР (КУМТӨР КЕНИ)

КУРУЛУШ БОЮНЧА УЛУК МАСТЕР (КУМТӨР КЕНИ)

Жарыяланган: 18 February 2022

Жабык

“Кумтөр Голд Компани” ЖАК

төмөнкү бош кызмат орду жөнүндө жарыялайт

Курулуш боюнча улук мастер (Кумтөр кени)

Билдирүүнүн номери: KGC-21-0343 

КЫЗМАТТЫК МИЛДЕТТЕРИ:

  • Курулуш-монтаждык жана оңдоо иштерин башкаруу;
  • Курулуш-монтаждык жана оңдоо иштерине уруксаттарды жана допусктарды каттоо;
  • Курулуш жана оңдоо иштерин жүргүзүү участогунда курулуш өндүрүшүн пландаштырууну ишке ашыруу;
  • Курулуш-монтаждык иштердин долбоордук документацияcына, эмгекти коргоо, өрт коопсуздугу жана айлана-чөйрөнү коргоо талаптарына  дал келүүсүн көзөмөлдөө;
  • Подряддык уюмдардын ишин уюштуруу жана көзөмөлдөө;
  • Курулуш объектилери боюнча учурдагы, аткаруучу жана отчеттук документтерди тариздөө;
  • Объектилерди ишке киргизүүгө катышуу.

МИНИМАЛДУУ ТАЛАПТАР:

  • Техникалык (курулуш жаатында) жогорку билим;
  • Билимдери:

-өндүрүш технологиясын жана курулуш-монтаждык иштердин ыкмалары;

– долбоордук-сметалык документацияны каттоо тартиби;

– объектилерди кабыл алуу тартиби, ыкмалары, аткарылган иштерди сапатын көзөмөлдөө;

– имараттардын жана курулмалардын инженердик системаларынын түзүлүштөрү;

– СНиП, ГОСТ, эмгекти коргоо жана коопсуздук техника ченемдери, ошондой эле AutoCAD/Archicad, MS Project, MS Office программалары;

  • Чиймелерди окуу жөндөмдөрү;
  • Курулуш участогунун башчысы катары 5 жылдан кем эмес иш тажрыйба;
  • Курулуш-монтаждык иштерге мамлекеттик үлгүдөгү сертификаттардын болуусу;
  • Көп тапшырма режиминде чоң көлөмдөгү маалымат менен иштөөгө, көйгөйлөрдү чечүүнүн приоритеттерин жана ырааттуулугун аныктоого жөндөмдүү, стресске туруктуу болуу;
  • Бийик тоолуу аймактарда ишке жарамдуу болуу;
  • Англис тилин билүү артыкчылык болуп саналат;

Анкета жана резюмени 2022-жыл 04-март саат 16.00 кеч эмес HR@kumtor.kg электрондук дарегине жиберүү керек.

Анкетаны бул шилтеме менен өтүп алса болот: (https://www.kumtor.kg/wp-content/uploads/2021/06/anketa-kandidata-na-rabotu_may-2021.pdf).

Анкетада жана электрондук каттын темасына билдирүүнүн номерин көрсөтүү керек: КGC-21-0343.

ЭСКЕРТҮҮ! ТЕМАСЫНДА БИЛДИРҮҮ НОМЕРИ КӨРСӨТҮЛБӨГӨН КАТТАР КАРАЛБАЙТ.

МАЕКТЕШҮҮГӨ ЭҢ ЫЛАЙЫКТУУ ТАЛАПКЕРЛЕР ГАНА ЧАКЫРЫЛАТ.