SANY ТЕХНИКАСЫНА ОРИГИНАЛДУУ ЗАПАСТЫК БӨЛҮКТӨРДҮ ЖЕТКИРҮҮ БОЮНЧА

SANY ТЕХНИКАСЫНА ОРИГИНАЛДУУ ЗАПАСТЫК БӨЛҮКТӨРДҮ ЖЕТКИРҮҮ БОЮНЧА

Жарыяланган: 05 August 2026

ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 13-августу, саат 16:00 (Бишкек убактысы боюнча).


«Кумтөр Голд Компани» ЖАК сизди SANY  техникасына оригиналдуу запастык бөлүктөрдү жеткирүү боюнча баа суроо ыкмасы менен өткөрүлүп жаткан тандоого катышууга чакырат.

Тапшыруу форматы: Катышууга табыштама жана башка документтер табыштамага жана келишим боюнча милдеттенмелерге кол коюуга укуктуу адам тарабынан кол коюлушу керек.

Документтер мөөр басылып, PDF форматында тапшырылышы керек. (баа таблицасын .xlsx форматында кайталап көрсөтүү керек).

Кол коюучу тараптын ыйгарым укугу ишеним кат же тиешелүү документтердин тастыкталган көчүрмөлөрү менен тастыкталышы керек.

Сунуштарды тапшыруу тартиби

 

Тандоонун катышуучулары талаптарга ылайык орус же англис тилдеринде катышуу үчүн табыштама тапшырууда керектүү документтердин көчүрмөлөрүн тиркеп,  2026-жылдын 13-августу, саат 16:00 гө  чейин sanyzc_2026@kumtor.kg  электрондук   почта дарегине электрондук түрдө жөнөтүшү керек.

Башка почта аркылуу келген коммерциялык сунуштар каралбайт.

Сатып алынуучу товарлардын тизмеси бул конкурстук документтерге тиркелген.

Катышууга табыштама төмөнкү документтерди камтышы керек: Коммерциялык сунушта төмөнкүлөр эске алынышы керек:

∙ Жеткирүү убактысы

∙ Жеткирүү шарттары

∙ Төлөм шарттары

∙ Kоммерциялык сунуштун жарактуулугу (максималдуу мөөнөттү көрсөтүңүз)

Баалоо критерийлери: Эң төмөн баа жана оптималдуу жеткирүү убактысын сунуштаган сунуш тандоодон өттү деп таанылат.
Темасы: “SANY” деп көрсөтүлгөн сунуш sanyzc_2026@kumtor.kg дарегине электрондук почта аркылуу 2026-жылдын 13-августу, саат 16:00гө чейин жөнөтүлүшү  керек.
Буйрутмачы сунуштардын бирин же баарын кабыл алууга же четке кагууга, ошондой эле тиешелүү катышуучулардын алдында эч кандай милдеттенме албастан Келишим берилгенге чейин каалаган убакта тандоо процессин токтотууга укуктуу,
Коммерциялык сунуш расмий бланкта берилиши керек.
Белгиленген мөөнөттөрдөн кийин тандоо катышуучулары тарабынан берилген сунуштар кабыл алынбайт жана каралбайт.

Өз сунушун берүү менен, Катышуучу Компаниянын талаптарында көрсөтүлгөн бардык шарттарга макул экендигин билдирет.

Тандоонун ар бир катышуучусу бир гана сунуш бере алат.

Сунуштун жарактуулук мөөнөтү кеминде 30 календардык күн болушу керек.

Конкурстук сунуштун жарактуу мөөнөтү учурунда конкурстук сунуштарга өзгөртүү киргизүүгө уруксат берилбейт.

Тандалган катышуучу келишимге кол коюудан мурун келишимдин суммасынын 2% өлчөмүндө КГКнын эсебине келишимди аткарууга кепилдик милдеттенме берүүгө тийиш. Же ошол эле суммадагы банк кепилдиги түрүндө, банк кепилдиги Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан корреспондент банк тарабынан авизолонушу керек.
Алдын ала төлөм бериле турган учурда, жеңүүчү компания алдын ала төлөмдүн суммасынан кем эмес суммада алдын ала төлөм төлөө үчүн банк кепилдигин берүүгө милдеттүү.

Банк кепилдигин Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан корреспондент банк тарабынан авизолонушу керек.

Банк кепилдиктерин авизолоого байланыштуу бардык чыгымдар Жеткирүүчү тарабынан төлөнөт.

Бул конкурс боюнча бардык суроолорду электрондук почта аркылуу төмөнкү дарекке жөнөтүү керек: Sanzhar.Beishenaliev@kumtor.kg

Конкурстук сунуштар/табыштамалар бул электрондук почта дарегине жөнөтүлбөшү керек!!

Тандоо шарттарын тактоо үчүн суроолор сунушту тапшыруу мөөнөтүнө 3 календардык күн калганга чейин жөнөтүлүшү керек.

 

Тиркемелер:

  1. Товардык-материалдык мүлктөрдүн тизмеси