«Кумтөр» кенинде коопсуздук марафону өттү

«Кумтөр» кенинде коопсуздук марафону өттү

Жарыяланган: 09 August 2022

2022-жылдын 1-августунан 5-августуна чейин эмгекти коргоо маданиятын өнүктүрүү, техникалык коопсуздук маселесине кызматкерлерди кызыктыруу жана тартуу максатында «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын кызматкерлеринин жана подрядчыларынын арасында «Кумтөр» кенинде коопсуздук марафону өткөрүлдү. Баалуу белектер ойнотулган бул иш-чарага баардык каалоочулар катыша алышты. Бул үчүн каттоодон өтүп, марафондун баардык 5 этабындагы тапшырмаларды аткаруу керек эле.  Мелдешке баш-аягы 530 адам катышты (КГКнын 403 кызмактери жана 127 подряддык уюмдардын өкүлдөрү).

Марафондун катышуучулары үчүн төмөндөгүдөй тапшырмалар берилген: коопсуздук техникасы жана эмгекти коргоо боюнча суроолор камтылган баракты толтуруу;  жумуш ордун коопсуз кылуу үчүн эмне иштерди аткаргандыгын жазуу; берилген сүрөттөрдөн ишти аткарууга байланышкан эреже бузууну (коркунучту) табуу, ал коркунучту, эреже бузууну түздөө/азайтуу/көзөмөлдөө боюнча көрүлгөн чараларды тизмектөө; өзүңдүн жана кесиптештериңдин ден-соолугун сактоо ыкмаларын, жолдорун жазуу; эмгекти коргоо жана коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча билими жашоодо кандай кереги тийгендиги боюнча өздүк баянын жазуу.

Атайын комиссия ар бир этапта мыкты жыйынтык көрсөткөндөрдү иргеп, марафондун жеңүүчүлөрүн аныктады. Баардык катышуучулардын арасынан кокустук сандардын генерациялык  ыкмасы аркылуу шык берүүчү кошумча этап уюштурулуп, 6 жеңүүчү сыйланды.

Этап

Аты-жөнү Бөлүм Кызматы Байгелүү орду

Байге

Этап 1

Эстаев Кенже

АЫФ ТК Майлардын анализи боюнча инженер 1 Смартфон
Турдубаев Токтогул Кендин КК КК улук кызмактери

2

Смарт-саат
Мойдунов Тунукбек АЫФ ӨБ Тегирмендин улук машинисти

3

Рюкзак
Этап 2 Кубанычбек уулу Мирлан ТО ГПТ Автоэлектрик

1

Смартфон
Маматбеков Нурмат «Рус-Гранд» ЖЧК Слесарь-инструментальщик

2

Смарт-саат
Жаныбеков Алтынбек Кендин КК КК кызматкери

3

Рюкзак
Этап 3 Тургуналыев Данияр Кендин КК КК диспетчери

1

Смартфон
Кисёлев Станислав Кендин КК КК кызматкери

2

Смарт-саат
Сабаев Мирзат ЖЧК «Жети-Өгүз Гарант» Мастер

3

Рюкзак
 

Этап 4

Абдыкеримова Зарема Кендин администрациясы Тейлөө кызматкери

1

Смартфон
Талант Аалы Инженердик-геологиялык Тоо-кен иштери боюнча инженер

2

Смарт-саат
Куванычбеков Бекжан Кампалык чарба Стажёр

3

Рюкзак
Этап 5 Тимур Местоев АЫФ Инженер

1

Смартфон
Мазурантов Александр КГК Ст. инженер

2

Смарт-саат
Эгембергенов Чыңгыз Медициналык Өндүрүштүк гигиена боюнча врач

3

Рюкзак
Шык

берүүчү

этап

Дуйшөева Гулзат АЫФ Үлгү алгыч

1

Смартфон
Молдогазиева Айгуль Медициналык Медайым

1

Смартфон
Тогузбаев Азат Кампа Жеткирүү кызматынын айлдоочусу

2

Смарт-саат
Бабаев Өмүрбек Тоо-өндүрүш Самосвал айдоочусу

2

Смарт-саат
Токтосунова Рыскуль Сервис контракт Тейлөө кызматы

3

Рюкзак

Казакбаев Айбек

Склад

кампачы

3

Рюкзак

Кызматкерлердин, өндүрүш процесстеринин коопсуздугу жана айлана-чөйрөнү коргоо – бул «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын ишмердүүлүгүндөгү негизги артыкчылыктуу багыттар. КГК компаниянын бардык кызматкерлеринин жана подряддык уюмдардын кызматкерлеринин коопсуздугун камсыз кыла турган жагымдуу, коопсуз жумушчу атмосфераны түзүүгө умтулат.