«Кумтөр» кен ишканасынан подряддык уюмдардын жумушчуларын түшүрүү башталды

«Кумтөр» кен ишканасынан подряддык уюмдардын жумушчуларын түшүрүү башталды

Жарыяланган: 08 February 2012

«Кумтөр» кен ишканасынан подряддык уюмдардын жумушчуларын түшүрүү башталды «Кумтөр Оперейтинг Компани» 2012-жылдын 7-февралында башталган иш таштоого байланыштуу компаниянын жетекчилиги өндүрүштүн токтотулгандыгына карабастан жүргүзүлүүгө тийиш болгон иштердин тизмесин иш таштоочулардын өкүлдөрү менен макулдашкандыгын билдирет.

Бүгүнкү күндө фабрикада, борбордук карьердин түштүк-чыгыш бөлүгүндө, калдыктарды сактоочу жайдын дамбасында иштердин зарыл минимуму жүргүзүлүүдө. Компаниянын тиешелүү бөлүмдөрү экологиялык мониторинг жүргүзүүнү улантышууда. Коопсуздук кызматы кен ишканасынын объектилеринде тартипти сактоону камсыз кылууда. Администрация «Кумтөр» кен ишканасынан подряддык уюмдардын жумушчуларын түшүрүүнү баштады.

Компания иштердин узак токтотулушу 2012-жылдын өндүрүштүк пландарына таасир этиши мүмкүн экендигин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына маалымдады.

Мурда билдирилгендей, компаниянын жетекчилиги профсоюз менен сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө кен ишканасынын иштөөчүлөрү үчүн сыйлык фондун жана базалык ставкаларды жогорулатуу жөнүндө сунуш киргизген, ал Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна милдеттүү социалдык камсыздандыруу которууларына байланышкан бул эмгектик талашты чече алмак. Компаниянын жетекчилигинин бул сунушу күчүндө кала берет.

Иш таштоону уюштуруу жана өткөрүү процедураларынын бузулушуна байланыштуу компания Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотуна иш таштоону мыйзамсыз деп таануу жөнүндө доо арыз берди.