Жарыяланган: 25 May 2026
ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 3-июну, саат 12:00 (Бишкек убактысы боюнча).
«Кумтөр Голд Компани» ЖАК (мындан ары — «КГК») компанияңызды товарды жеткирүү үчүн котировакаларды суроо жол-жобосуна катышууга чакырат.
| Лоттор бөлүнүүчү | Аталышы | Саны | Өлчөө бирдиги |
| Лот | КЫЗГЫЛТ САРЫ ТҮСТӨГҮ ТОР ЖЕЛЕК: FLAG16-O-XY | 250 | Даана |
Тапшыруу форматы: Коммерциялык сунуш (мындан ары — «КС») PDF форматында берилиши жана келишим боюнча милдеттенмелерге кол коюуга ыйгарым укуктуу адам тарабынан кол коюлушу керек. Ошондой эле, КС ишкананын расмий бланкында кол жана мөөр менен таризделиши керек.
Сунуштарды берүү тартиби: Тандоого катышуучулар КСны орус же кыргыз тилинде тапшырып, электрондук түрдө төмөнкү электрондук дарекке жөнөтүшү керек: geomove@kumtor.kg 2026-жылдын 3-июну, саат 12:00гө чейин (Бишкек убактысы боюнча).
Жеткирип берүүчүлөрдү тандоого катышуу үчүн берилген коммерциялык сунуш төмөнкү документтерди камтууга тийиш:
Жеткирүү жери: Кыргызстан, Бишкек ш., Ибраимов көчөсү 24/1.
Коммерциялык сунуштарды баалоо критерийлери: баяндамага, техникалык параметрлерге/техникалык тапшырмага (ТТ) ылайык келген жана эң төмөн бааны сунуштаган КС жеңүүчү деп табылат.
Өз сунушун берүү менен катышуучу КГКнын талаптарында көрсөтүлгөн бардык шарттарга макул экенин билдирет.
КГК кандайдыр бир же бардык сунуштарды кабыл алууга же четке кагууга, ошондой эле тиешелүү КС тапшырган катышуучулардын алдында эч кандай милдеттенме албай туруп, Келишим ыйгарылганга чейин тандоо жол-жобосун каалаган убакта жокко чыгарууга укуктуу.
Катышуучулар тарабынан көрсөтүлгөн мөөнөттөн кеч берилген коммерциялык сунуштар кабыл алынбайт жана каралбайт.
Тандоого катышкан ар бир катышуучу бир гана коммерциялык сунуш бере алат. Сунуштарды тандоо жүргүзүлүп жаткан мезгилде коммерциялык сунушка өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жол берилбейт. Ушул тандоого байланышкан бардык суроолор төмөнкү электрондук дарекке жөнөтүлүшү керек: nurlan.semetov@kumtor.kg. Тандоо шарттарына түшүндүрмө алуу боюнча суроо-талаптар сунуш берүүнүн акыркы мөөнөтүнө 3 календардык күн калганда жөнөтүлүшү керек.
Техникалык тапшырма: