2025-ЖЫЛЫ КУМТӨР КОНЦЕССИЯЛЫК АЯНТЫНДА КГКнын БУРГУЛОО ЖАНА АНЫ МЕНЕН БАЙЛАНЫШКАН ЖУМУШТАР ҮЧҮН СУУ ТАШУУЧУ, КАНАЛИЗАЦИЯЛЫК УНААЛАР МЕНЕН ТЕЙЛӨӨ КЫЗМАТТАРЫН САТЫП АЛУУ МАКСАТЫНДА КОНКУРСКА ЧАКЫРУУ

2025-ЖЫЛЫ КУМТӨР КОНЦЕССИЯЛЫК АЯНТЫНДА КГКнын БУРГУЛОО ЖАНА АНЫ МЕНЕН БАЙЛАНЫШКАН ЖУМУШТАР ҮЧҮН СУУ ТАШУУЧУ, КАНАЛИЗАЦИЯЛЫК УНААЛАР МЕНЕН ТЕЙЛӨӨ КЫЗМАТТАРЫН САТЫП АЛУУ МАКСАТЫНДА КОНКУРСКА ЧАКЫРУУ

Жарыяланган: 22 July 2025

ТАБЫШТАМА БЕРҮҮНҮН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 2025-жылдын 1-августу саат 15:00 чейин.


Урматтуу айымдар жана мырзалар,

«Кумтөр Голд Компани» ЖАКы 2025-жылы Кумтөр концессиялык аймагында бургулоо жана коштоочу иштерин аткарууда суу ташуучу жана ассенизатордук унаалар менен тейлөө кызматын аткарууга бир этаптуу, эки топтомдук ыкма менен конкурска катышууга чакырат

Лот №1 – 2025-жылы Кумтөр концессиялык аянтында КГКнын бургулоо жана аны менен байланышкан жумуштар үчүн суу ташуучу, канализациялык унаалар менен тейлөө кызматтарын сатып алуу

Тиркелген документтер, тиркемелер жана баа сунуштары менен чогуу Сиздин коммерциялык сунуштарыңызга жана келишим боюнча милдеттенмелерге кол коюуга (жана) бардык ыйгарым укуктарга ээ адам (адамдар) тарабынан кол коюлуп, документтерге мөөр бастырылган жана берилген документтер PDF форматында болуусу керек.

Адамдын документтерге кол коюуга ыйгарым укугу ишеним кат же анын ыйгарым укугун тастыктаган документтердин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү менен тастыкталышы керек.

Конкурска катышууну каалагандардын баары чакырууга  №1, №2, №3 тиркемелерине ылайык формаларды толтурууга, документтердин керектүү көчүрмөлөрүн тиркеп, электрондук почтага жөнөтүүгө милдеттүү.

Катышуучулар электрондук почта аркылуу бир же бир нече кат түрүндө жөнөтүшөт, алардын өлчөмү 25 мб ашпашы керек.

Конкурстук табыштама орус тилинде жазылышы керек.

Биринчи топтомдун темасы “[Компаниянын аталышы] боюнча квалификациялык жана техникалык сунуштар” болушу керек; экинчи топтому үчүн “[Компаниянын аталышы] баа сунушу” болуп жана 2025-жылдын 1-августу саат 15:00гө чейин vodovoz2025@kumtor.kg дарегине жөнөтүлүшү керек.

Конкурска табыштамаларын берүү тартиби

Катышуучулар документтерди эки өзүнчө топтомо менен тапшырышат, эки топтомо тең бир эле учурда жогорудагы электрондук дарекке берилет:

  • №1 топтомо – квалификациялык жана техникалык сунуштар (сыр сөзсүз берилет);
  • №2 топтомо – коммерциялык сунуш (файлга сыр сөз аркылуу кирүүгө тийиш, аны биринчи этапта ачууга болбойт, сыр сөз Буйрутмачынын өтүнүчү боюнча электрондук почта аркылуу жөнөтүлүшү керек).
  1. Биринчи этап – квалификациялык жана техникалык сунуштарды баалоо (Кыргыз Республикасынын резиденттери үчүн):
  • Салык жана камсыздандыруу боюнча карыздардын жоктугу тууралуу күбөлүктөрдүн түп нускаларынын сканерден алынган көчүрмөлөрү (Мамлекеттик салык кызматы, Социалдык фонд);
  • Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде мамлекеттик каттоо же кайра каттоо жөнүндө күбөлүгүнүн түп нускасынын сканерленген көчүрмөсү; (жеке ишкерлер үчүн – жеке ишкер катары катталгандыгы жөнүндө күбөлүк же колдонуудагы патенттин көчүрмөсү, ошол эле учурда ишмердиктин түрү сатып алуу предметине дал келиши керек);
  • Уставдын түп нускасынын сканерленген көчүрмөсү (юридикалык жактар үчүн);
  • Ишеним кат же адамдын документтерге кол коюуга ыйгарым укугун тастыктаган башка документ;
  • 2023-2024 финансылык отчетторунун түп нускасынын сканерленген көчүрмөлөрү:
    – Бухгалтердик баланс;
    – Пайдалар жана чыгымдар жөнүндө отчет;
    – Акча агымдары жөнүндө отчет;
    – Капиталдагы өзгөрүүлөр жөнүндө отчет.
  •  2023–2024 жылдар үчүн бирдиктүү салык декларациясы.
  • Сот териштирүүсүнө катышуучунун катышуусу жөнүндө маалымат (акыркы үч жыл ичинде, анын ичинде учурдагы жыл);
  •  Конкурстук табыштаманын катышуусуна кепилдик берүү жөнүндө декларация (Чакырууга №1 тиркемеси түрүндө);
  • Ак ниеттүүлүк жөнүндө декларация жана коррупцияга каршы күрөшүү жобосу (чакырууга №2 тиркеме түрүндө);
  • Суу ташуучу жана ассенизатордук унаалар менен тейлөө кызматын акыркы 3 жылда аткаруу тажрыйбасы (аткарылган келишимдердин, иштерди аткаруу жөнүндө акттарынын көчүрмөлөрүн тиркөө керек);
  • Бул тандоого окшош кызмат көрсөтүүлөр боюнча кеминде бир долбоорду ишке ашыруу тажрыйбасы (суу ташуучулар жана ассенизатордук унаалар менен тейлөө кызматтары);
  • Банктык реквизиттери көрсөтүлгөн жана мөөр менен күбөлөндүрүлгөн сканерленген файл;
  • Жеткирүүчүнүн анкетасынын толтурулган жана мөөр менен күбөлөндүрүлгөн сканерленген файлы.
  • жеткирүүчүнүн реквизиттерин ачуу жана өзгөртүү формасынын толтурулган жана мөөр менен күбөлөндүрүлгөн сканерленген файлы.

Техникалык баа берүү үчүн төмөнкү документтерди берүү керек:

  • Кызмат көрсөтүүгө тартыла турган адистердин айдоочулук күбөлүгүн берүү;
  • Сунуш кылынган жабдуулар үчүн жарактуу техникалык кароо сертификаттарын берүү;
  • Өнөр жай жана өрт коопсуздугунун сакталышын ырастоо;
  • Мурунку келишимдерди ишке ашыруу боюнча сунуштамалар жана сын-пикирлер.
  1. Биринчи этаптын жыйынтыгы боюнча экинчи этапка кабыл алынган катышуучулардын тизмеси түзүлөт. 

Кайсы катышуучулар экинчи этапка киргизилбейт:

  • документтердин толук топтомун бербеген;
  • сыр сөзү жок коммерциялык сунушту берген же суроо-талапка чейин сыр сөздү жөнөткөн;
  • Буйрутмачынын өтүнүчү боюнча экинчи топтомдун сыр сөзү берилбей калган учурда;
  • конкурстук табыштаманын өтүшүнө кепилдикке берилген кол коюлган декларация жок болгон учурда (чакырууга №1 тиркеме түрүндө);
  • кол коюлган ак ниеттүүлүк жана коррупцияга каршы жобо жөнүндө декларация жок болгон учурда (чакырууга №2 тиркеме түрүндө);
  • чакырууда көрсөтүлгөн мөөнөт бүткөндөн кийин документтерди тапшырган.
  • Буйрутмачынын коопсуздук кызматы жана каржы бөлүмү тарабынан аккредитацияланган эмес.
  1. Экинчи этап – Конкурстук табыштаманы баалоо
  • Экинчи этапка биринчи этаптан ийгиликтүү өткөн катышуучулар гана катышууга уруксат берилет.
  • Катышуучунун баа сунушу Чакырууга №3 тиркемесиндеги формага ылайык гана түрдө толтурулат.
  • Эгерде конкурска катышуучу чакырууга №3 тиркемесинде белгиленген формага ылайык келбеген баа сунушун жөнөткөн учурда, анын табыштамасы четке кагылат.
  • Баасы/сапаты боюнча эң жакшы шарттарды сунуштаган, ошондой эле Техникалык Тапшырманын шарттарына ылайык конкурстук табыштаманы берген катышуучу жеңүүчү деп таанылат.
  • Конкурстун катышуучусу белгилеген кызматтарды көрсөтүүнүн наркына бардык чыгымдарды, анын ичинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алынуучу салыктарды, жыйымдарды, алымдарды жана башка төлөмдөрду, ошондой эле Келишимде көрсөтүлгөн тейлөө мөөнөтүн, ага байланыштуу кызмат көрсөтүүлөрдү эсепке алуу менен келишимдик милдеттенмелерди аткарууга башка чыгашалар камтылууга тийиш.
  1. Баалоо критерийлери:
  • Белгиленген квалификациялык жана техникалык талаптарга жооп берген, баа/сапат/кызматтарды жеткирүү убактысы боюнча эң жакшы шарттарды сунуштаган Катышуучунун сунушу жеңүүчү деп табылат.
  • Тендердик табыштаманын жеңүүчүсү менен 2025-жылдын аягына чейин кызмат көрсөтүүгө келишим кийинки жылга узартылышы мүмкүн.
  • Келишимди аткарууга кепилдик камсыздоо (мындан ары КАКК) – тендердик документацияда каралган милдеттенмелердин аткарылышын камсыздоо боюнча берүүчүгө коюлган талап, конкурстун жеңүүчүсү тарабынан Декларация түрүндө түзүлөт.
  1. Сунуштарды берүү үчүн акыркы мөөнөт: 2025-жылдын 1-августу, Бишкек убактысы боюнча саат 15:00 чейин.
  • Тандоонун катышуучулары тарабынан белгиленген мөөнөттөн кийин берилген тендердик табыштамалар жана/же тендердик арыздар кабыл алынбайт жана каралбайт.
  • Катышуучу өзүнүн сунушун берүү менен Буйрутмачынын талаптарында көрсөтүлгөн бардык шарттарды, анын ичинде Келишимдин шарттарын Чакырууга №4 тиркемесине ылайык макул болот.
  • Тандоонун ар бир катышуучусу ар бир лот үчүн бир гана сунуш бере алат.
  • Конкурстук табыштамаларды берүү мөөнөтү бүткөндөн кийин аларга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жол берилбейт.

Бул Чакырууга байланыштуу суроолор пайда болгон учурда, катышуучу түшүндүрмөлөрдү алуу үчүн  Gulnur.Shirdakova@kumtor электрондук дареги боюнча Буйрутмачыга кайрыла  алат, бирок конкурстук табыштамаларды берүү мөөнөтү аяктаганга чейин 3 жумушчу күндөн кеч эмес. Түшүндүрмөлөр өтүнмө берүүчүгө суроо-талап алынган күндөн тартып үч календардык күндөн кечиктирбестен жөнөтүлөт.

Зарыл болгон учурда, Буйрутмачы конкурстук сунуштарды берүү мөөнөтү аяктаганга чейин каалаган учурда, бирок кандай болбосун 3 (үч) жумушчу күндөн кечиктирбестен, толуктоолорду берүү жолу менен ушул Чакырууга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө укуктуу.

Эгерде ушул Чакырууга өзгөртүүлөр киргизилген болсо, Буйрутмачы конкурстук сунуштарды берүүнүн акыркы күнүн кийинки күнгө жылдыра алат; бул тууралуу Буйрутмачы тиешелүү маалыматты ушул тендер жөнүндө жарыя жайгаштырылган Буйрутмачынын расмий веб-сайтында https://www.kumtor.kg/ru/ жайгаштыруу  аркылуу билдирүүгө тийиш.

Буйрутмачы тиешелүү катышуучулардан алдында эч кандай милдеттенме албастан, кандайдыр бир сунушту кабыл алууга же четке кагууга, ошондой эле конкурстун процессин жокко чыгарууга жана келишим берилгенге чейин каалаган убакта бардык сунуштарды четке кагууга укуктуу.

 

Документтерди көчүрүп алыңыз:

ТЕХНИКАЛЫК ТАПШЫРМА

№1 ФОРМА

№2 ФОРМА

№1 ТИРКЕМЕ

№2 ТИРКЕМЕ

№3 ТИРКЕМЕ

№4 ТИРКЕМЕ