«Кумтөр» кен ишканасынын бир катар кызматкерлери ишке чыгышкан жок

«Кумтөр» кен ишканасынын бир катар кызматкерлери ишке чыгышкан жок

Жарыяланган: 07 February 2012

«Кумтөр» кен ишканасынын бир катар кызматкерлери ишке чыгышкан жокБүгүн, 2012-жылдын 7-февралында, «Кумтөр» кен ишканасынын бир катар кызматкерлери «Кумтөр Оперейтинг Компанинин» жетекчилигинен эмгек акыны жогорулатууну талап кылуу менен ишке чыгышкан жок. Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинде көрсөтүлгөн иш таштоону уюштуруу жана өткөрүү процедуралары сакталбагандыктан, компания бул акцияны мыйзамсыз деп табуу жөнүндө өтүнүч менен сотко кайрылды.

Кен ишканасында өндүрүш процесси токтотулду. Азыркы учурда кен ишканасынын тийиштүү кызматтары иштердин зарыл болгон минимумун жүргүзүп жатышат жана компаниянын өндүрүштүк объектилеринде коопсуздукту камсыз кылышууда.

Эмгек акыны жогорулатуу жөнүндө талаптар үчүн Кыргыз Республикасынын Социалдык фондусунун бийик тоолуу коэффициент үчүн кошумчаны төлөөнү кошо алганда кызматкерлердин бардык кирешелеринен камсыздандыруу төлөмдөрүн жүргүзүү боюнча эскертүүсү негиз болуп калды. Компания иш берүүчү катарында Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу боюнча төлөмдөр катарында эмгек акы фондусунан 17,25%ды төлөйт, ал эми кызматкерлер өз кирешелеринен 10%ды төлөшөт. Профсоюз комитети компания кызматкерлердин ордуна 10% өлчөмүндөгү камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөөсүн же компенсация үчүн 10%дык төлөмдөрдү компенсациялоо үчүн базалык тарифтик ставканы жогорулатуусун каалап жатат. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, өлкөнүн бардык жарандары Социалдык фондго камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөөгө тийиш жана башка бир да компания бул 10%ды кызматкерлердин ордуна төлөбөйт.

Юридикалык жактардын бирикмеси (ассоциациясы) болгон Кыргыз Республикасынын Тоо-кен-металлургиялык профсоюзунун Борбордук Комитети эмгек талаштары боюнча компаниянын жамааты менен сүйлөшүүлөрдүн тарабы болуп саналбаса да, компанияда киргизилген камсыздандыруу взносторун эсептөө процедураларын өз билгениндей түшүндүрдү жана компаниянын кызматкерлерин жана коомчулукту адаштырууда.

Компания Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна «Кумтөр Оперейтинг Компанинин» бардык тиешелүү төлөмдөрү өлкөнүн мыйзамдарына ылайык дайыма толук көлөмдө жүргүзүлүп келгендигин билдирет. Бул фактыны компанияда турган көз карандысыз аудиттин корутундулары жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондусунун текшерүү актылары тастыктап турат.

Ошентсе да, 2010-жылдагы «Кумтөр Оперейтинг Компанини» текшерүүлөрдөн кийин Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун жетекчилиги мыйзамдарды түшүндүрүүгө өзгөртүүлөрдү киргизди. Мисалы, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондусунун талабы боюнча милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу боюнча төлөмдөрдү кармап калуу бийик тоолуу коэффициент үчүн кошумча төлөөнү кошо алганда кызматкерлердин бардык кирешелеринен жүзөгө ашырылууга тийиш. Ушуга байланыштуу, 2011-жылы компания өлкөнүн Соцфондуна кызматкерлердин атынан 271 млн. сом жана компаниянын атынан 457 млн. сом кошумча которгон. Бул суммалар жарандардын жеке эсептерине которулган, кызматкерлерге пайда алып келет, анткени пенсияларды эсептөөдө эске алынмакчы.

Компаниянын жетекчилиги профсоюз менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү жана үстүбүздөгү жылдын 3-февралында кен ишканасынын иштөөчүлөрү үчүн базалык тарифтик ставкаларды 3%га көбөйтүү жана сыйлык фондун көбөйтүү жөнүндө сунуш киргизди. Базалык ставкаларды жана сыйлык фондун көбөйтүү кызматкерлер дээрлик мурдагыдай эле эмгек акы алыша тургандыгын жана ошол эле учурда Социалдык фондго өздөрүнүн жеке эсептерине ири камсыздандыруу төлөмдөрүнүн төлөнүүсүнө ээ болуша тургандыктарын билдирмек. Бирок, профсоюз «Кумтөр Оперейтинг Компанинин» жетекчилигинин бул сунушун четке какты.

Орозалиев Асанбектин үй-бүлөсүнө төлөм маселеси боюнча компания мурда өзүнүн позициясын айткан (2012-жылдын 23-январындагы расмий билдирүү). Орозалиев Асанбек кен ишканасында каза болгон жок, компанияда иштебей калгандан кийин 2 жыл 4 ай өткөн соң каза болгон. Өндүрүштө травма алгандан кийин Орозалиев Асанбек компаниядан 2,3 миллион сом өлчөмдөгү мыйзам боюнча бардык тиешелүү төлөмдөрдү жана компенсацияларды алган. Асанбек Орозалиевдин үй-бүлөсү сотко доо берген жана сот кошумча компенсация төлөп берүү жөнүндө чечим чыгарган; компания ал чечим менен макул болбостон, 2012-жылдын 27-январында жогору турган соттук инстанцияга арыз берген. Акыркы чечимди сот чыгарат, ал жөнүндө соттук талашта Кыргыз Республикасынын Тоо-кен-металлургиялык профсоюзунун Борбордук Комитетинин жетекчиси катарында эмес, а доогердин өкүлү катарында катышкан Э.Таджибаев абдан жакшы билет.

Компания, Кыргыз Республикасынын башка ар бир жеке же юридикалык жагы сыяктуу эле, өз позициясын сотто коргоого толук укуктуу. А.Орозалиевдин үй-бүлөсүнө токтоосуз төлөп берүү жөнүндө талапты компания сот өндүрүшүнө тоскоолдук кылуучу кысым катары карайт, бул Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келет.
_________________________________________________________________________

Кошумча маалымат үчүн ММКлар менен байланыштар боюнча бөлүмгө кайрылыңыздар.
Тел.: (312) 90-07-07; 90-08-08; факс: (312) 90-07-28