“Кумтөр” компаниясынын 2014-жылдагы өндүрүштүк ишмердүүлүгүнүн негизги жыйынтыктары

“Кумтөр” компаниясынын 2014-жылдагы өндүрүштүк ишмердүүлүгүнүн негизги жыйынтыктары

Жарыяланган: 13 March 2015

 

Негизги өндүрүштүк жана финансылык көрсөткүчтөр

2014-жылы “Кумтөр” кен ишканасында 567 693 унция* же 17 657 кг алтын өндүрүлгөн. Сатып өткөрүлгөн продукциянын көлөмү 561 154 унцияны же 17 454 кг алтынды түзгөн. Жылдын жыйынтыктары боюнча сатып өткөрүүдөн алынган жалпы каражат 694,6 млн. долларды** түзгөн. Негизги өндүрүштүк жана финансылык көрсөткүчтөр төмөнкү таблицада келтирилген:

 

IV квартал, 31-декабрга карата

12 ай, 31-декабрга карата

2014

2013

Өзгөрүүлөр

2014

2013

Өзгөрүүлөр

Алтынды «Кыргызалтынга» сатуудан түшкөн жалпы каражат** (млн. USD менен) 346,2 448,9 (23%) 694,6 810,9 (14%)
Сатып өткөрүлгөн продукциянын өздүк наркы*** (млн. USD менен) 171,5 255,1 (33%) 444,5 473,0 (6%)
Сатып өткөрүлгөн продукциянын өздүк наркы*** (унциясына USD менен) 594 722 (18%) 792 786 1%
Тоо-кен иштеринин көлөмү (миң тонна) 42 786 46 866 (9%) 191 723 176 693 9%
Казып алынган руданын көлөмү (миң тонна) 6 615 4 194 58% 8 640 7 289 19%
Кайра иштетилген руданын көлөмү (миң  тонна) 1 502 1 460 3% 5 840 5 596 4%
Фабрикага берилүүчү рудадагы алтындын орточо курамы (г/т) 7,40 8,88 (17%) 3,90 4,26 (9%)
Алтынды бөлүп алуу коэффициенти (% менен) 82,2 84,1 (2%) 78,0 79,3 (2%)
Өндүрүлгөн алтын (унция менен)* 291 635 348 130 (16%) 567 693 600 402 (5%)
Өндүрүлгөн алтын (кг менен) 9 071 10 828 (16%) 17 657 18 675 (5%)
Сатып өткөрүлгөн алтын (унция менен)* 288 851 353 252 (18%) 561 154 601 887 (7%)
Сатып өткөрүлгөн алтын (кг менен) 8 984 10 987 (18%) 17 454 18 721 (7%)
Сатып өткөрүүнүн орточо баасы***   (унциясына USD менен) 1 198 1 271 (6%) 1 238 1 347 (8%)
Түзөтүлгөн операциялык жумшоолор*** (унциясына  USD менен) 244 217 12% 356 357 0%
Өндүрүштү колдоп турууга жалпы жумшоолор*** (унциясына USD менен) 378 388 (3%) 779 775 1%
Бардык жумшоолор*** (унциясына USD менен)  418  407 3%  851  853  0%
Бардык жумшоолор салыктарды эсепке алуу менен*** (унциясына USD менен)  585  585 0%  1 024  1 042  (2%)
Капиталдык жумшоолор (негизги фонддорду колдоп турууга)*** (млн.  USD менен)  13,4  9,6  40%  48,7  49,7  (2%)
 Капиталдык жумшоолор (өнүктүрүүгө)*** (млн. USD менен)  11,5  5,8  98%  40,1  39,2 2%
Капиталдык жумшоолор (кыртыш ачуу иштерине)*** (млн. USD менен)  32,5  70,8  (54%)  261,1  278,6 (6%)

Маалымат үчүн: троялык унция = 31,10348 грамм.

** Башкасы көрсөтүлбөсө, бардык акчалай суммалар АКШ долларында келтирилген.

*** «Түзөтүлгөн операциялык жумшоолор», «Өндүрүштү колдоп турууга жалпы жумшоолор», салыктарды эсепке алган жана албаган «Бардык жумшоолор», доллар менен сатып өткөрүлгөн бир унцияга, «Сатып өткөрүлгөн продукциянын орточо баасы» менен «Сатып өткөрүлгөн продукциянын өздүк наркы» сатылган унцияга кайра эсептөөлөрдөгү, Капиталдык жумшоолор (негизги фонддорду колдоп турууга жана өнүктүрүүгө) Бухгалтердик эсептин (GAAP) жалпы кабыл алынган көрсөткүчтөрү болуп саналбайт жана «Центерранын» пресс-релизинде «GAAPта колдонулбаган көрсөткүчтөр» бөлүмүндө жана 2015-ж. 19-февралындагы “Жетекчилик тараптан талкуулоо жана анализ” (MD&A) бөлүмүндө каралат.

Кыргыз Республикасынын бюджетине төлөмдөр жана башка милдеттүү которуулар

2014-жылдын 12 айында компания тарабынан Кыргыз Республикасынын бюджетине салыктар, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондусуна которуулар, ошондой эле башка милдеттүү төлөмдөр түрүндөгү которуулар  120 млн. даллардан ашкан, бул Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2014-жылдагы 31-декабрына карата курсу боюнча 7 миллиард 75 миллиондой сомду түзөт.

2014-ж.

Миң АКШ доллары менен

Дүң кирешеге салык 85 995,22
Ысык-Көл областын өнүктүрүү фондуна взнос 7 384,25
Экологиялык төлөм 310,00
Кызматкерлерден иреше салыгы 4 774,74
КРнын Социалдык фондуна төлөмдөр 19 869,53
Бажы төлөмдөрү 1 103,60
Резидент эместердин кирешелерине салык 589,22
Башка салыктар жана милдеттүү которуулар 121,26
Жалпысынан 120 147,81
Маалымат үчүн: 31.12.2014-ж. карата АКШ долларынын КР сомуна карата расмий курсу 58,8865
Төлөнгөн төлөмдөрдүн эквиваленти миң сом менен 7 075 083,91

Эскертүү: 2009-жылдын 24-апрелиндеги “Кумтөр” долбоору боюнча жаңы шарттар жөнүндө макулдашууга ылайык, дүң кирешеге салыкты жана Ысык-Көл областын өнүктүрүү фондусуна взносторду эсептөө үчүн база катарында көрсөтүлгөн мезгилге продукцияны сатуудан иш жүзүндөгү акчалай түшүүлөр саналат.

Кыргыз Республикасынын аймагындагы төлөмдөр

2014-жылы Кыргыз Республикасынын аймагындагы төлөмдөр (салыктар, аффинаж үчүн төлөм, товарлар жана кызматтар алынган үчүн жергиликтүү ишканаларга төлөмдөр, инфраструктура боюнча төлөмдөр, кайрымдуулук ж.б. кошуп эсептелгенде) 283 млн. доллардан ашкан.

Жалпысынан компания иштеген 1994-2014-жж. аралыгындагы Кыргызстан аймагындагы төлөмдөр 2 миллиард 707 миллион долларынан ашкан.

Млн. доллар менен

2014-ж.

1994 – 2014-жж.

Салык, бажы ж.б. милдеттүү төлөмдөр 92,590 799,918
КРнын Социалдык фондуна төлөмдөр 19,870 132,840
Ысык-Көл областын өнүктүрүү фондуна взнос 7,384 42,896
Лицензиялар жана уруксат берүүлөр үчүн төлөм 0,208 2,787
Экологиялык төлөмдөр жана Курчап турган чөйрөнү коргоо агенттигинин пайдасына которуулар 0,310 4,369
«Кыргызалтын» ААКсынын пайдасына төлөмдөр 0,384 12,059
Аффинаж үчүн төлөмдөр 3,313 43,765
«Центерранын» акцияларын сатуудан алынган каражат 86,000
Дивиденддер 11,164 76,615
Кыргыз Республикасындагы сатыпалуулар:

– берүүлөр жана кызматтар

59,873 647,688
– азык-түлүк продуктылары 4,924 56,702
КРнын инфраструктурасына тиешелүү төлөмдөр:

– электр энергиясы

10,413 141,006
– кен ишканасынан тышкары жолдорду жакшыртуу жана тейлөө 1,763 39,281
– «Тамга – Кумтөр» ЭБЛ 41,612
КОКтун кызматкерлеринин таза эмгек акысы 65,919 513,928
Санатордук дарылануу 0,744
Билим берүүнү колдоо, стипендиялар жана окутуу 0,738 4,649
Демөөрчүлүк жардам жана туруктуу өнүктүрүү долбоорлору 4,482 25,408
Өкмөткө социалдык долбоорлорду жүзөгө ашырууда жардам 31,000
Жергиликтүү жамааттарга төлөмдөр боюнча макулдашуу 4,400
Жалпысынан 283,333 2 707,67

Компаниянын өндүрүштүк ишмердүүлүгүнүн Кыргыз Республикасынын макроэкономикалык көрсөткүчтөрүнө таасири

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин алдын-ала маалыматы боюнча:

– «Кумтөрдүн» өлкөнүн ИДПсындагы 2014-жылдагы үлүшү             7,4%;

– «Кумтөрдүн» өнөр-жай өндүрүшүнүн жалпы көлөмүндөгү үлүшү 23,1% түздү.

Комментарий

«Кумтөр Голд Компанинин» президенти Даниэль Дежарден компаниянын 2014-жылдагы ишмердүүлүгүнө төмөнкүдөй комментарий берди: “Мен 2014-жылдын өндүрүштүк пландары ийгиликтүү аткарылганын билдирүүгө кубанычтамын. Өткөн жылдын төртүнчү чейрегинде алтын рудага бай SB зонасына чыгууга байланыштуу 291 635 унция алтын өндүрүлүп, ошол эле жерде алтын өндүрү 2015-жылдын биринчи чейрегинде да уланууда.

Алтын өндүрүүнүн басымдуу көлөмү төртүнчү чейрекке туура келген өткөн жылдарга салыштырмалуу, быйыл Кумтөрдө алтын өндүрүүнү чейрек сайын текши күтүп жатабыз. Алдын ала эсептөөлөргө ылайык 2015-жылы “Кумтөр” кенинде өндүрүштүн көлөмү 470-520 миң унция же 14,6-16,2 тонна чамасындагы алтынды түзмөкчү”.

2015-жылга прогноз

2015-жылы капиталдык жумшоолор кыртыш ачуу иштерин аткарууга чыгымдарды кошпогондо 75 млн доллар түзүшү керек. Негизги фондуларды модернизациялоого чыгымдар негизинен ири масштабдуу оор жүк ташуучу тоо-кен техниканы жаңыртып жабдуу (36 млн доллар); калдыктар чарбасындагы дамбанын бийиктигин жогорулатуу боюнча курулуш иштери (7 млн. доллар) жана башка статьалар (6 млн доллар) менен байланыштуу.

Өнүктүрүүгө инвестициялар 26 млн доллар өлчөмүндө пландалган жана KS-13 планына ылайык карьердин контурларынын кеңейишине байланыштуу кен ишканадагы инфраструктура объектилерин көчүрүүнү, сууну сордуруп алуу иш-чараларын камтыйт.

Карьерди иштетүүгө байланыштуу кыртыш ачуу иштерине капитализацияланган чыгымдардын акчалай курамы  2015-жылы 185 млн доллар өлчөмүндө күтүлүп, жалпы кыртыш ачуу иштерине жумшоолор 234 млн долларды түзөт.

● ● ●

“Кумтөр” кен ишканасы Кыргыз Республикасында жайгашкан, Борбордук Азиядагы батыш компаниясы тарабынан башкарылуучу эң ири алтын кен ишканасы болуп саналат. 1997-жылдын майында өнөр жайлык өндүрүш башталгандан 2013-жылдын 31-декабрына чейин “Кумтөрдө” жалпысынан 9,9 млн. унция же 307,9  тонна алтын өндүрүлгөн.

“Кумтөр Голд Компани” “Кумтөр” долбоорунун оператору болуп саналат жана бүтүндөй өндүрүштүк цикл үчүн жоопкерчилик тартат.

“Центерра Голд Инк.” өнүгүүгө багытталган Азияда, Канадада жана дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө алтын кендерин алуу, чалгындоо, кайра иштетүү жана эксплуатациялоо менен алектенген, алтын өндүрүүчү компания. “Центерра” түндүк америкалык алдыңкы алтын өндүрүүчү жана Борбордук Азиядагы ири алтын өндүрүүчү батыш компаниясы. “Центерранын” жөнөкөй акциялары Торонто фондулук биржасында (TSX) CG символу астында жүгүртүлөт. Компания Торонто шаары, Онтарио штаты, Канадада жайгашкан.

“Центерра” жөнүндө кошумча маалымат SEDAR www.sedar.com сайтында жана компаниянын www.centerragold.com сайтында жеткиликтүү жайгаштырылган, ошол эле жерден 2013-жылдын жыйынтыктары боюнча пресс-релиздин толук тексти менен таанышууга болот.”Кумтөр” компаниясы жөнүндө маалымат www.kumtor.kg сайтында жеткиликтүү.