Жаштар экологиялык ӨЭУларынын жана өнүктүрүү боюнча швейцариялык программанын өкүлдөрү «Кумтөр» кен ишканасында болушту

Жаштар экологиялык ӨЭУларынын жана өнүктүрүү боюнча швейцариялык программанын өкүлдөрү «Кумтөр» кен ишканасында болушту

Жарыяланган: 10 September 2012

Жаштар экологиялык ӨЭУларынын жана өнүктүрүү боюнча швейцариялык программанын өкүлдөрү «Кумтөр» кен ишканасында болушту
3- жана 4-сентябрда жаштар экологиялык ӨЭУларынын жана өнүктүрүү боюнча швейцариялык программанын өкүлдөрү «Кумтөр» кен ишканасында болушту.

Кен ишканасында жаштар экологиялык ӨЭУларынын жана өнүктүрүү боюнча швейцариялык программанын өкүлдөрү өлкөдөгү эң ири кен казып алуучу ишкананын иши менен таанышышты, өнөр жай объектилеринде болушту жана компаниянын персоналы менен жолугушушту. Иш сапары убагында өкүлдөр руданы казып алуу жана кайра иштетүү процесси менен кеңири таанышышты, ӨЭУлардын өкүлдөрү ишканада жүргүзүлүп жаткан экологиялык менеджмент жана мониторинг маселелерине өзгөчө кызыгуу көрсөтүштү.

«Хельветастын» директору Кристиан Штайнер: «Бул иш сапар биз үчүн өтө кызыктуу. Мен алтынды казып алуунун бардык этаптарын жана ар кайсы участоктордогу иштерди гана көрбөстөн, экологиялык отчеттуулукту, баалоолорду жана жабуу планын да көрө алдым, бардык суроолорума компаниянын адистеринен толук жоопторду алдым. Мен «Кумтөр» компаниясы бардык тармактар үчүн эң мыкты практиканын стандарттарын колдонуу менен курчап турган чөйрөгө кийлигишүүнү мүмкүн болушунча минималдаштыруу үчүн бардык чараларды көрүп жатканын түшүнөм”.

«Кумтөр» компаниясы республикада биринчилерден болуп казып алуучу тармактардын ачыктыгын жогорулатуу демилгесине (КТАЖД) кошулган. Өндүрүштүк жана финансылык ишмердүүлүгү, курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча иш чаралар жөнүндө отчетторун жарыялоо менен компания өзүнүн ачыктык принциптерине берилгендигин ачык көрсөтүүдө. Кен ишканасына коомчулуктун, өкмөттүк эмес сектордун жана башка кызыкдар тараптардын өкүлдөрүнүн иш сапарлары компаниянын ачык иштөөсүнүн элементи болуп саналат, «Кумтөр» өзүнүн ишмердүүлүгүн экологиялык жана өнөр жайлык коопсуздуктун эл аралык талаптары менен ылайык жүргүзүп жаткандыгын ачык көрсөтүүгө мүмкүндүк берет.

«Кумтөр Оперейтинг Компанинин» президенти Майкл Фишер: «Компания коомчулуктун өкүлдөрүнө кен ишканасында болуу жана биз Кумтөр кенинде алтынды казып алуу боюнча иштерди кантип жүргүзүп жаткандыгыбызды көрүү мүмкүнчүлүгүн берүүнү дайыма колдоп келген жана мындай мүмкүнчүлүктү бере бермекчи. Мындай иш сапарларынын жүрүшүндө кызыкдар тараптардын өкүлдөрү кен ишканасында эң мыкты техника, заманбап технологиялар пайдаланылып жана экологиялык башкаруунун тиешелүү, жоопкер методдору колдонулуп жаткандыгына өз көздөрү менен ынана алышат».

Маалымат үчүн:

«Хельветас» – 1955-ж. түзүлгөн өнүктүрүү боюнча биринчи менчик коммерциялык эмес уюм, 43 000ден ашуун мүчөлөрү жана 40 000 туруктуу менчик демөөрчүлөрү бар. «Хельветас» 16 программалык офиске ээ, алар аркылуу Азиянын, Африканын жана Латын Америкасынын 20 өлкөсүндө калктын эң аялуу катмарларынын жашоо шарттарын жакшыртууга багытталган өзүнүн ишмердүүлүгүн жүзөгө ашырат. Кыргызстанда «Хельветас» өз ишмердүүлүгүн 1994-жылдын ноябрында баштаган.